Япония менен Кыргызстан биотехнологиялар жаатында кызматташууну талкуулады

Япония менен Кыргызстан биотехнологиялар  жаатында кызматташууну талкуулады

Токиодо өткөн "Борбордук Азия + Япония" бизнес-форумунун алкагында Улуттук инвестициялар агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров JFR Co. Ltd. компаниясынын жетекчиси Номибицу Акаэ менен биотехнология тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулоо боюнча жолугушуу өткөргөнүн агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Япониянын сапат стандарттарын жана JFR Co. Ltd. компаниясынын технологияларын колдонуу менен Кыргызстанда адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугун жакшыртууга багытталган пробиотиктерди өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Ошондой эле тараптар Кыргызстандын агроөнөр жай секторуна заманбап биотехнологиялык чечимдерди киргизүү аркылуу айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу перспективаларын карап чыгышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биотехнология тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Кайыңдыда 8,8 млн сомдук жер мэриянын балансына кайтарылды

Кайыңдыда 8,8 млн сомдук жер мэриянын балансына кайтарылды

Кайыңдыда жетим калган балдар тарбияланган мектеп-интернатынын жери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди. Панфилов районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, 2005-жылы мурдагы Кайыңды көмөкчү мектеп-интернатына караштуу 0,32 га жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуу менен жеке жактарга 36 537 сомго бааланып, сатылып кеткендиги аныкталган.  Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, көмөкчү мектеп-интернатына

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Кыргыз журналистикасындагы медиа аталышка байланышкан талаш коомчулуктун көңүлүн бурду. Асель Сооронбаева аттуу журналисттин “Чекит Медиа” ресурсунун аталышы Мунарбек Имаров аттуу блогер тарабынан  мыйзамсыз колдонулуп жаткандыгы жарыяланып, биринчиси - экинчисине карата чара көрүү өтүнүчү менен тиешелүү органдарга кайрылды. Асель Сооронбаеванын  айтымында, медиа үч жыл мурда түзүлүп, ушул убакыт аралыгында жүздөгөн журналисттик

“Аю Холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштады

“Аю Холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштады

Президенттин администрациясы “Аю Холдинг” компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго Бишкектеги “Томми молл” соода борбору тууралуу ачык кайрылуусун териштирип баштаганын “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Акыркы жылдары Лондондо жашап жаткан Шаршенбек Абдыкеримов 28-мартта Садыр Жапаровго мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору – “Аю Гранд Комфорт”

Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Баткен районунда өрүк бактарын коргоо үчүн заманбап технологиялар колдонула баштаганын райондук администрация билдирди. Самаркандек айыл аймагында бакчалар зыянкечтерге каршы дарыларды чачуу атайын дрондордун жардамы менен ишке ашып жатат. Негизги максат — айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу. Белгиленгендей, мындай ыкма убакытты кыйла үнөмдөйт, дары каражаттарды бирдей жана натыйжалуу чачууга мүмкүндүк