Түркиядан Кыргызстанга мыйзамсыз киргизиле турган алтын буюмдар кармалды

Түркиядан Кыргызстанга мыйзамсыз киргизиле турган алтын буюмдар кармалды

Өзбекстандын 15, Кыргызстандын 10 жаранынан турган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Ош облусунда аталган кылмыштуу топко көмөк көрсөтүп келген Мамлекеттик бажы кызматынын 2 кызматкери, ошондой эле УКИКга караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын 1 аскер кызматкери кармалды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Түркиядан Кыргызстанга кымбат баалуу медициналык дары-дармектерди жана зер буюмдарды контрабандалык жол менен системалуу түрдө алып кирип, аларды Ош облусунун аймагында сатуу, ошондой эле кийинчерээк бул товарларды Өзбекстанга мыйзамсыз алып чыгуу схемалары аныкталды.

Тактап айтканда, УКМКнын Ош облусу боюнча Чек ара кызматынын башкармалыгы жана Мамлекеттик бажы кызматынын "Ош" бажы бекети менен биргеликте "Стамбул – Ош" каттамындагы жүргүнчүлөрдүн жүгүн текшерүү учурунда Өзбекстан жана Кыргызстан жарандарынын айрымдарынан ири көлөмдөгү медициналык препараттар жана зер буюмдар табылган.

Экономикалык контрабанда фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында кылмыштуу топтун уюштуруучулары жана активдүү мүчөлөрү кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Алардын ичинен 3өө Өзбекстандын жана 5өө Кыргызстандын жараны.

Аталган кылмыштуу топ 2025-жылдын ичинде Түркиядан 50дөн ашуун каттам жасап, контрабандалык жол менен 50 килограммдан ашык алтынды Кыргызстанга алып киргени аныкталды.

Мындан тышкары окуңуз

Кайыңдыда 8,8 млн сомдук жер мэриянын балансына кайтарылды

Кайыңдыда 8,8 млн сомдук жер мэриянын балансына кайтарылды

Кайыңдыда жетим калган балдар тарбияланган мектеп-интернатынын жери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди. Панфилов районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, 2005-жылы мурдагы Кайыңды көмөкчү мектеп-интернатына караштуу 0,32 га жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуу менен жеке жактарга 36 537 сомго бааланып, сатылып кеткендиги аныкталган.  Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, көмөкчү мектеп-интернатына

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Кыргыз журналистикасындагы медиа аталышка байланышкан талаш коомчулуктун көңүлүн бурду. Асель Сооронбаева аттуу журналисттин “Чекит Медиа” ресурсунун аталышы Мунарбек Имаров аттуу блогер тарабынан  мыйзамсыз колдонулуп жаткандыгы жарыяланып, биринчиси - экинчисине карата чара көрүү өтүнүчү менен тиешелүү органдарга кайрылды. Асель Сооронбаеванын  айтымында, медиа үч жыл мурда түзүлүп, ушул убакыт аралыгында жүздөгөн журналисттик

“Аю Холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштады

“Аю Холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштады

Президенттин администрациясы “Аю Холдинг” компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго Бишкектеги “Томми молл” соода борбору тууралуу ачык кайрылуусун териштирип баштаганын “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Акыркы жылдары Лондондо жашап жаткан Шаршенбек Абдыкеримов 28-мартта Садыр Жапаровго мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору – “Аю Гранд Комфорт”

Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Баткен районунда өрүк бактарын коргоо үчүн заманбап технологиялар колдонула баштаганын райондук администрация билдирди. Самаркандек айыл аймагында бакчалар зыянкечтерге каршы дарыларды чачуу атайын дрондордун жардамы менен ишке ашып жатат. Негизги максат — айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу. Белгиленгендей, мындай ыкма убакытты кыйла үнөмдөйт, дары каражаттарды бирдей жана натыйжалуу чачууга мүмкүндүк