УКМК массалык экономикалык аткезчиликке катышкандарды камакка алды

УКМК массалык экономикалык аткезчиликке катышкандарды камакка алды

УКМК Ош облусунда Өзбекстан Республикасынын 15 жаранынан жана КРнын 10 жаранынан турган трансулуттук кылмыштуу топтун ишин токтотту. УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдагандай, алардын коргоочусу болгон КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын эки кызматкерин, УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын бир аскери да кармалды.

Бул кылмыштуу топ Түркия Республикасынан кымбат баалуу дары-дармектерди жана зер буюмдарды Ош облусунда сатуу жана андан кийин Өзбекстан Республикасына аткезчилик жол менен алып өтүү үчүн системалуу түрдө КРна алып кирип тургандыгы аныкталган.

Билдирүүгө караганда, Стамбул-Ош каттамынын жүргүнчүлөрүнүн багажын текшерүү учурунда, УКМК Ош облусу боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын башкармалыгы жана Мамлекеттик бажы кызматынын Ош бажы башкармалыгы менен биргеликте Өзбекстан Республикасынын жана КРнын айрым жарандарынын колунда дары-дармектердин жана зер буюмдардын ири партиясы табылган. Экономикалык аткезчилик боюнча козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн тергөө жана оперативдик иш-чаралардын натыйжасында, кылмыштуу топтун уюштуруучулары жана активдүү мүчөлөрү кармалды. Алар: Өзбекстан Республикасынын үч жараны («У.Б.К.», «И.М.Т.» жана «С.У.А.») жана КРнын беш жараны («И.З.М.», «М.Б.П.», «М.У.К.», «К.Ш.Х.» жана «С.Б.К.») УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алынышты.

Ошондой эле, бул кылмыштуу топ 2025-жылы Түркиядан 50дөн ашык каттамдарды жасап, 50 кг ашык алтынды аткезчилик жол менен алып өткөнү аныкталган. Бул аракеттер жалпысынан мамлекеттик бюджетке олуттуу зыян келтирген.

Учурда бул топтун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышкан башка кызмат адамдарын аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана кийин күнөөлүүлөрдүн баарын жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө жана оперативдик иш-чаралар жүрүп жатат.

0:00
/5:13

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты

Садыр Жапаров “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, Японияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Токио шаарында өтүп жаткан “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты. Мамлекет башчысын Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаити Токио шаарындагы "Акасака" мамлекеттик конок үйүнөн тосуп алды. Саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегациялардын башчылары

ИИМ жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алууну эскертет

ИИМ жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алууну эскертет

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана кардын калың жаагандыгына байланыштуу, жол тескөөчүлөр республика боюнча ири унаа жолдорунда, тоолуу ашууларда жана кооптуу тилкелерде күнү-түнү кызмат өтөп, унаа агымын жөнгө салууда. ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсунө караганда, жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында орган өкүлдөрү ыкчам ишчараларды көрүлүүдө. Жолдогу көйгөйлөрдү болтурбоо

QR код аркылуу эки айда 1млрд 330млн сом бажы төлөмдөрү төлөндү

QR код аркылуу эки айда 1млрд 330млн сом бажы төлөмдөрү төлөндү

2025-жылдын октябрь айынын соңунда КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы QR код аркылуу бажы төлөмдөрүн ишке ашырууну жолго салган. Анын максаты, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары банк кассасына көз каранды болбостон, каалаган убагында бажы төлөмдөрүн төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ кылуу болгон. Ага ылайык, акыркы 2 айдын ичинде (октябрдын аягы) QR код

Таласта “Манас Ордо” жана “Баластандын” курулушу кызуу жүрүүдө

Таласта “Манас Ордо” жана “Баластандын” курулушу кызуу жүрүүдө

Талас облусунда “Манас Ордо” улуттук комплексин реконструкциялоо жана “Баластан” заманбап оюн-зоок борборун куруу иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Эрмат Жумаев курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министринин орун басары Иманакун уулу Талантбек менен биргеликте курулуп жаткан объектилердин абалы менен жеринде таанышты.