Келечекте Бишкекте кошумча 2 миң 416 гектар парк, сквер, сейил багы түзүлөт

Келечекте Бишкекте кошумча  2 миң 416 гектар парк, сквер, сейил багы түзүлөт

Бишкек шаарында борбор калаанын 2050-жылга чейинки жаңы Башкы планынын негизги параметрлери тааныштырылды.

Учурда шаардагы иштеп жаткан жашыл зоналардын аянты 606 гектарды түзөт. Жаңы Башкы планга ылайык, кошумча 2 миң 416 гектар парк, сквер, бак жана бульварларды түзүү каралган. Натыйжада жашыл аймактардын жалпы аянты 3 миң 22 гектарга жетип, дээрлик беш эсеге көбөйөт.
"Бишкекбашкыархитектура" МИнин башчысынын орун басары Азирет Акимовдун айтымында, коомдук угуулар 24–25-декабрда өтөт. Андан кийин иштеп чыгуучулар жана комиссия бардык эскертүүлөрдү карап чыгып, аларды кабыл алуу же четке кагуу боюнча чечим чыгарышат. Угуунун протоколдору беш күндүн ичинде жарыяланат. Андан соң шаардыктар жети күндүн ичинде кошумча сунуштарды киргизе алышат. Ошондон кийин долбоор мамлекеттик органдарга макулдашууга, андан соң Министрлер Кабинетине жөнөтүлөт. Мэриянын эсептөөсү боюнча, бул процесс январдын ортосуна чейин аяктайт.

Ошол эле учурда талкуу сын-пикирлер менен коштолду. Санкт-Петербург шаарындагы илимий-изилдөө институтунун архитектору, долбоордун авторлорунун бири Ирина Гришечкина Бишкектеги азыркы курулуш саясатына катуу сын айтты.

"Бишкек 3–4 кабаттуу уникалдуу объекттерин жоготуп жатат. Мен жеке өзүм 12 кабаттан жогору үйлөрдүн курулушуна каршымын. Шаар мындай жүктү көтөрө албайт. Инвестициялык жарышты токтотуу керек", — деди ал.

Маданияттын эмгек сиңирген ишмери Леонид Бухман тарыхый борборду, анын ичинде сталин доорундагы имараттарды сактоо маселесин көтөрүп, Бишкекти Санкт-Петербург менен салыштырды. Ал жакта тарыхый келбет кылдат корголорун белгиледи. Илимий-изилдөө институтунун өкүлү Бишкектин борборундагы сталиндик имараттар сакталарына ишендирди.

Мындан тышкары окуңуз

Эдил Байсалов кызматтан бошотулуп, АКШга элчи болуп дайындалды

Эдил Байсалов кызматтан бошотулуп, АКШга элчи болуп дайындалды

Байсалов Эдил Жолдубаевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Эдил Байсалов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Жарлык Конституциянын тиешелүү беренелеринин негизинде кабыл алынды.

Майлуу-Сууда 25 млн долларга дары-дармек заводун куруу пландалууда

Майлуу-Сууда 25 млн долларга дары-дармек заводун куруу пландалууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев дары-дармек каражаттарын чыгаруучу заводдун курулушу боюнча инвесторлор менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууга Кытайдын EHD (Eurasian Healthcare Development), "Циньхуандао Тайчжи Медикал Текнолоджи Компани Лимитед" компанияларынын жана Польшанын "LEKAM" фармацевтикалык компаниясынын өкүлдөрү катышты. Тараптар катуу пероралдык, суюк дары

А. Касымалиев бюрократияны азайтуу боюнча жаңы тапшырмаларды берди

А. Касымалиев бюрократияны азайтуу боюнча жаңы тапшырмаларды берди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик башкаруу системасын жөнөкөйлөтүү жана бюрократияны кыскартуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында мурда кабыл алынган чаралардын аткарылышы каралып, бир катар тармактарда административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча иштер талкууланды. Касымалиев башкаруу процесстерин санарипке өткөрүү,

ЕРӨБ Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга 67,7 млн евро бөлөт

ЕРӨБ Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга 67,7 млн евро бөлөт

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга багытталган долбоор үчүн 67,7 млн евро бөлөт. Жогорку Кеңеш 9-апрелде “Кемин” подстанциясы менен жаңы “Балыкчы” подстанциясынын ортосунда 500 кВ электр линиясын курууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Кредиттик жана гранттык макулдашууга “Кыргызстан улуттук электр тармагы” менен