А.Касымалиев: Бажы кызматы 2021-жылы 46,8 млрд сом чогултса, быйыл 150,2 млрд сом киреше тапты

А.Касымалиев: Бажы кызматы 2021-жылы 46,8 млрд сом чогултса, быйыл 150,2 млрд сом киреше тапты

Элдик курултайдын жүрүшүндө КРнын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сөз сүйлөп, өкмөттүн акыркы 5 жыл аралыгында кылган иштери тууралуу билдирүү жасады.

Анын айтымында дүйнөлүк тренддер келечек эмес реалдуу чындыкка айланды. Импорт-экспорт азайганы менен адам факторунан алыстаткан санариптик башкаруулар мамлекеттик бажы кызматынан түшкөн кирешелерди 3 жылда 3 эсеге жогорулатты.

“Бажы кызматы 2021-жылы төгүмдөрү 46,8 млрд сом чогултса, быйыл мамлекетке 150,2 млрд сом киреше алып келди. Эгерде санариптик чечимдер жана саясий эрк болбогондо бул тармакта далай көмүскө миллионерлер жаралмак”- деп билдирди, министрлер кабинетинин башчысы.  

Мындан сырткары Адылбек Касымалиев  Кыргызстандын калкынын казынасы толуп, инфраструктурасы өнүгүп, социалдык курулуштар күч алып курулуп жаткандыгын билегиледи. Анын айтымында быйыл жалпы 296 социалдык объект 119 ишкана ишке киргизилип жатат. Анын ичинен 27 өндүрүш жана 67 социалдык обьект президенттин уруксаты менен Курултайдын жүрүшүндө онлайн негизде ачылды.

Мындан тышкары окуңуз

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17