Элдик курултайда Майлуу-Суудагы лампа заводун жандандыруу керектиги айтылды

Элдик курултайда Майлуу-Суудагы лампа заводун жандандыруу керектиги айтылды

IV Элдик курултайдын делегаты, Майсуу-Суу шаарынын тургуну Абдулахап Нуралиев 61 жылдан бери иштеп келе жаткан "Майлуу-Суу" лампа заводу учурда туруктуу иштебей жаткандыктан президент заводдун ишин көзөмөлгө алуусун суранды.

Анын айтымында, кытай өндүрүшүнөн чыккан диоддук лампаларга суроо-талап жогор болгондуктан электр лампаларын калк көп сатып албайт.

"Завод туруктуу иштебей жаткандыктан, шаар бюджетине салык түшпөй, шаарыбыздын өнүгүшүнө тоскоолдуктар жаралып жатат. Кесипкөй адистер жана жаштар шаардан тышкары иш издөөгө кетип калышууда. Ошондуктан заводдун ишин жандандыруу керек”, - деди делегат.

Ошондой эле Абдулахап Нуралиев өлкө башчысынан шаардагы социалдык объекттерди оңдоп-түзөөгө жана инфраструктураларды жакшыртууга каражат бөлүп берүүнү айтты.

Мындан тышкары делегат шаарга чакан ГЭС куруу зарылдыгын белгиледи.

“Шаарыбыздын аймагында чакан ГЭС курганга жер бар. Долбоор да даяр. Эгер ГЭС курулуп калса, Майсуу-Суу шаары жана Ноокен району электр энергиясы менен туруктуу камсыздалмак”, -дейт ал.

Ошол эле маалда делегат шаарда дарыгерлердин жетишсиздиги да олуттуу маселе экенин айтып, медицина кызматкерлери менен камсыздоо, жаш адистерди аймакка жиберүүнү да көңүл сыртында калтырбоону кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17