Иш издесең 1221 номерине чал

Иш издесең 1221 номерине чал

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдан тарта ишкерлерге https://jumush.gov.kg порталына Кыргызстандын аймагында жаңы түзүлгөн же бош турган ар бир жумуш орду тууралуу маалымат жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн берерин 24.kg агенттигине ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жумуш издеп жүргөн жарандар аталган портал аркылуу бош жумуш орундар тууралуу, коюлган талаптар, эмгек акынын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды алып, түздөн-түз иш берүүчүгө кайрыла алышат.

Мындан тышкары, 1221 кыска номери аркылуу бош жумуш орундар жана иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү чаралары тууралуу маалымат алууга болот.
Ал эми 1899 номери аркылуу тышкы миграция маселелери боюнча консультация берүү каралган.

Белгилей кетсек, бүгүн Элдик курултайда Россиядан келген делегат Кубанычбек Осмонбетов мигранттардын мекенине кайта албай жатышынын себеби шарттардын жоктугу экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Америкалыктар криптовалюта алдамчылыгынан бир жылда 11,3 млрд доллар жоготушкан

Америкалыктар криптовалюта алдамчылыгынан бир жылда 11,3 млрд доллар жоготушкан

Америкалыктар криптовалюта алдамчылыктарынан 11 млрд доллардан ашык акча жоготушканын "Казинформ" АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун интернет кылмыштары боюнча отчетуна шилтеме берип жазды. Маалыматка ылайык, 2025-жылы интернет кылмыштары боюнча арыздануу борбору (IC3) 1 миллиондон ашык билдирүү алган, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 859,5 миң болгон. Өткөн жылы америкалыктар алдамчылыктын

"Ак-Тилек – автожол" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз 18,5 млн сомдук товар кармалды

"Ак-Тилек – автожол" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз 18,5 млн сомдук товар кармалды

"Ак-Тилек – автожол" өткөрмө пунктунда мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүнүн ири партиясы аныкталганын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. "Казакстандан келе жаткан кыргыз жараны А.М.В. (1988-жылы туулган) башкарган Volvo Truck үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа өткөрмө пунктуна тиешелүү товар коштоочу документтери жок

Жер калкынын саны планетанын ресурстук мүмкүнчүлүгүнөн кыйла ашты

Жер калкынын саны планетанын ресурстук мүмкүнчүлүгүнөн кыйла ашты

Жер жүзүнүн калкы планетанын ресурстарын түгөтүүдө тийиштүү деңгээлден ашып кеткенин британдык Environmental Research Letters журналына таянуу менен РИА Новости жазды. Окумуштуулар калктын санынын өсүшү жана азыркы ресурстарга – энергия, суу, минералдык байлыктарга болгон суроо-талапты эске алып, адамзаттын келечектеги жашоосун талдаган. Алардын болжолу боюнча, XXI кылымдын экинчи жарымында калктын саны 11-12 миллиардга

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан