Кумтөрдүн жылдык кирешеси 124,2 млрд сомдон ашты

Кумтөрдүн жылдык кирешеси 124,2 млрд сомдон ашты

2025-жылдын январь–декабрь айларынын жыйынтыгы боюнча "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын өндүрүштүк ишмердүүлүктөн түшкөн кирешеси 124 млрд 216 млн сомдон ашты. Бул тууралуу ишкананын 2025-жыл үчүн расмий отчетунда айтылат.

Маалыматка ылайык, компаниянын таза кирешеси 59 млрд 286 млн сомду түзгөн. Ал эми жыл аягына чейин Кумтөр кенинде алтын өндүрүүнүн көлөмү 12 тоннадан ашат деп күтүлүүдө.

Өндүрүштүк көрсөткүчтөрдүн негизинде компания мамлекеттик бюджетке олуттуу салым кошту. Тактап айтканда, 2025-жылдын ичинде:

  • салыктар жана милдеттүү төлөмдөр 21,5 млрд сомдон ашты;
  • мамлекетке дивиденд катары 13 млрд 48 млн сом төлөндү.
Ошентип, "Кумтөр Голд Компани" тарабынан 2025-жылы мамлекетке төлөнгөн жалпы каражаттын көлөмү 34,5 млрд сомдон ашты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей