Өзбекстандын тышкы карызы 75,4 млрд долларга жетти

Өзбекстандын тышкы карызы 75,4 млрд долларга жетти

2025-жылдын 1-октябрына карата Өзбекстандын жалпы тышкы карызы 75,4 млрд долларга жеткенин өлкөнүн Борбордук банкы билдиргенин "Кабар" агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, жылдын тогуз айында мамлекеттик тышкы карыз 10%га, ал эми ишканалардын тышкы карызы дээрлик 27%га көбөйгөн.

2025-жылдын январь–сентябрь айларында өлкөнүн тышкы карызы жалпы 11,3 млрд долларга өстү. Октябрдын башына карата мамлекеттик тышкы карыз 1-январдагы 33,7 млрд доллардан 37,4 млрд долларга жетти. Ал эми ишканалардын тышкы карызы ушул мезгил ичинде 30,2 млрд доллардан 38 млрд долларга чейин көбөйгөн.

Жыл башында өкмөт жана компаниялар чет мамлекеттерден, эл аралык каржы уюмдарынан жана жеке инвесторлордон алган тышкы каражаттардын көлөмү 64,1 млрд долларды түзгөн.

Эл аралык рейтингдик агенттиктер менен Дүйнөлүк банк Өзбекстандын тышкы карыз деңгээлин орточо деп баалап келет. Ошол эле учурда тартылган каражаттардын олуттуу бөлүгү жеңилдетилген шарттарда алынганы белгиленет.

Маалыматта ишканалардын тышкы карызынын 40–50%ы мамлекеттик компанияларга туура келери, калганы жеке секторго тиешелүү экени белгиленет.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында 700 миң сом алимент төлөбөгөн жаран 2 жылга соттолду

Манас шаарында 700 миң сом алимент төлөбөгөн жаран 2 жылга соттолду

Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад облустук сотунун чечиминин негизинде алимент төлөбөй жүргөн Т.Ш.А. аттуу жаран эки жылга эркиндигинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Сот аткаруучулар кызматына Жалал-Абад (Манас) шаардык сотунун чечиминин негизинде карызкор Т.Ш.А.дан 2018-жылдын 18-апрелинен тартып кирешесинин тең жарымын алимент катары

Лондондогу ICE биржасында мунай баасы 5%дан ашык өстү

Лондондогу ICE биржасында мунай баасы 5%дан ашык өстү

2026-жылдын май айына жеткирилүүчү Brent crude фьючерстери 5%дан ашык өстү. Ал эми 2026-жылдын апрель айына жеткирилүүчү WTI crude фьючерстери NYMEX биржасында 8%дан ашык көтөрүлгөнүн соода маалыматтары көрсөтүүдө. Бишкек убактысы боюнча түн ортосуна карата Brent нефтинин баасы 5,26%га өсүп, баррели 85,68 долларга жеткен. Ал эми WTI

Былтыр Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн жалпы 3,4 млрд доллар которулган

Былтыр Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн жалпы 3,4 млрд доллар которулган

2025-жылдын жыйынтыгы менен өлкөгө келген акча которуулардын жалпы көлөмү 3 млрд 491,2 млн долларды түзгөнүн Улуттук банктан билдиришти. Которуулардын негизги бөлүгү – 3 млрд 293,1 млн доллары КМШ өлкөлөрүнөн келген. Анын ичинен Россия акча которуулардын көлөмү боюнча лидер бойдон калууда. Ал жактан 3 млрд 231,8 млн доллар, ал

Кыргызстан эки айда 213 745 гүл экспорттоду

Кыргызстан эки айда 213 745 гүл экспорттоду

Кыргызстанда өстүрүлгөн гүлдөр жергиликтүү базарга гана эмес, чет өлкөгө да сатылууда деп кабарлады Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстандан гүлдөр негизинен Россия, Казакстан, Өзбекстан, Армения жана башка мамлекеттерге экспорттолот. * 2024-жылы чет өлкөгө 13 049 405 гүл жөнөтүлгөн * 2025-жылы — 24