МинКаб оор машина куруу жөнүндө КМШ макулдашуусун бекитти
Министрлер Кабинети 2025-жылдын 24-декабрындагы № 827 токтому менен 2025-жылдын 5-июнунда Душанбе шаарында кол коюлган КМШга катышуучу мамлекеттердин оор машина куруу тармактарын өнүктүрүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитти.
Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган катары Экономика жана коммерция министрлиги аныкталды. Тышкы иштер министрлигине макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылганы тууралуу КМШнын Аткаруу комитетин кабардар кылуу тапшырылды.
Бул макулдашуу оор машина куруу тармагындагы кооперацияны өнүктүрүүгө, технологиялар жана компетенциялар менен алмашууга, продукциянын ички рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна чыгарууга багытталган.
Кызматташтыктын негизги багыттарынын катарында биргелешкен программаларды жана долбоорлорду түзүү, техникалык жөнгө салуу боюнча нормативдик базаны жаңылоо, биргелешкен өндүрүштөрдү жана илимий борборлорду түзүү, ошондой эле кадрларды даярдоо жаатындагы өз ара аракеттенүү каралган.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.