Samsung смартфондорунун баасы кымбатташы мүмкүн

Samsung смартфондорунун баасы кымбатташы мүмкүн

Samsung корпорациясы комплекттөөчү бөлүктөр рыногундагы татаал абалга байланыштуу смартфондордун баасы жогорулашы мүмкүн экенин билдиргенин GSMArena маалымдады.

Мобилдик бөлүмдүн кош башкы директору Тиэм Ронун (TM Roh) айтымында, тармак акыркы жылдардагы "баа жагынан эң кыйын кырдаалдардын бирине" туш болду. Бул түзмөктөрдүн наркын кайра карап чыгууга алып келиши мүмкүн. Ошол эле учурда компания Apple менен атаандаштыкта позициясын жоготпоо үчүн жаңы флагмандык Galaxy S26 сериясына айрым аймактарда бааларды өзгөртпөй кармоо мүмкүнчүлүгүн да карап жатат.

Белгилей кетсек, Apple 2025-жылы кайрадан дүйнөдөгү эң ири смартфон өндүрүүчү макамын кайтарып алган.

Маалымат сактоо тутумунун жана башка компоненттердин баасынын өсүшү, негизинен жасалма интеллекттин (ЖИ) тез өнүгүшү менен шартталып, смартфондорго гана эмес, телевизорлорго жана башка "акылдуу" техникага да таасирин тийгизди. Samsung компаниясынын глобалдык маркетинг бөлүмүнүн башчысы Вонджин Ли (Wonjin Lee) фирма жаңы экономикалык реалдуулукка ылайык "бааларды кайра карап чыгуу" мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатканын ырастады.

Samsung 2026-жылы жасалма интеллект функцияларын колдогон 400 миллион жаңы түзмөктү, анын ичинде смартфондорду, телевизорлорду жана тиричилик техникаларын чыгарууну пландап жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Чоңдор үчүн санариптик технологиялар мектеби түзүлөт

Чоңдор үчүн санариптик технологиялар мектеби түзүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеген жыйында чоңдор үчүн санариптик технологиялар мектебин түзүү тууралуу чечим колдоого алынды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мектеп Билим берүү жана илим министрлигинин алдында түзүлүп, санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталат. Жаңы билим берүү уюму жарандардын заманбап IT-программаларга акысыз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу,

Кыргызстан менен Корея табигый кырсыктар боюнча кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен Корея табигый кырсыктар боюнча кызматташууну кеңейтет

Күн мурун өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Урматбек Шамырканов Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кванджэ менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Министр Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине көрсөтүлүп келген колдоо үчүн Корея өкмөтүнө ыраазычылык

Катарда круиздик лайнерде калган 134 кыргызстандык мекенине кайтарылууда

Катарда круиздик лайнерде калган 134 кыргызстандык мекенине кайтарылууда

Катар мамлекетинде круиздик лайнерде калып калган 134 кыргызстандык жаран Доха шаарынан Сауд Арабия Королдугунун борбору Эр-Риядга жолго чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, жалпы 134 жаран автобустар менен Эр-Рияд шаарына жеткирилип, андан соң учак менен Бишкек шаарына жөнөтүлөт. Жарандардын Кыргызстанга

ТМУ жыйынында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланат

ТМУ жыйынында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланат

Бүгүн Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Стамбулда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин бейформал жыйынына катышат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында ТМУ өлкөлөрүнүн тышкы саясий мекемелеринин башчыларынын учурдагы аймактык жана глобалдык темаларды, анын ичинде, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук