Кыргызстанда блогерлер салык төлөөгө милдеттендирилеби?
Кыргызстанда 10 миңден ашык катталуучусу бар блогерлер салык төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн экенин журналист Эламан Карымшаков социалдык тармактарда билдирди.
Ал маалыматты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин курултайдын делегаттарынын бирине жолдогон жооп катына таянып жарыялап, каттын скриншотун тиркеген.
Анда учурда Маданият министрлиги "Блогерлер жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгып жатканы белгиленген. Документке ылайык, блогерлердин ишмердүүлүгүнө мамлекеттик көзөмөл киргизүү пландалып жатат. Катта 10 миңден ашык катталуучусу бар блогерлерди салык төлөөгө милдеттендирүү мүмкүн экени көрсөтүлгөн.
Бирок министрликтин басма сөз кызматы 24.kg агенттигине билдиргендей, мыйзам долбоору азырынча иштелип чыгуу баскычында турат.
"Азырынча блогерлер кайсы сандагы катталуучудан баштап салык төлөй турганын так айтууга болбойт. Ошондуктан бул көрсөткүч 10 миң болот деп айтуу эрте. Болжол менен март айына чейин мыйзам долбоору даяр болуп, коомдук талкууга чыгарылат", — деп кошумчалашты министрликтен.