Кыргызстанда халал-индустриясынын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Кыргызстанда халал-индустриясынын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Экономика жана коммерция министрлиги "Кыргыз Республикасындагы халал-индустриясы жөнүндө" мыйзамда каралган талаптарды бузгандыгы үчүн айып пул салууну сунуштайт. Бул тууралуу министрдин орун басары Султан Ахматов Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Учурда Укук бузуулар жөнүндө кодекске тиешелүү өзгөртүүлөр али киргизиле элек. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоору менен Кодекске "Халал-индустриясы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу" деген жаңы берене киргизүү сунушталып жатат.

Аталган беренеге ылайык, тастыктоочу документтери жок халал-продукцияны жана халал-кызматтарды жүгүртүүгө чыгаргандыгы үчүн:

  • жеке жактарга 7 500 сом,
  • юридикалык жактарга 23 000 сом өлчөмүндө айып пул салуу каралган.

Халал-продукциянын жана халал-кызматтардын талаптарга шайкештигин тастыктоо жол-жобосун бузгандыгы үчүн юридикалык жактарга 13 000 сом айып пул салуу сунушталууда.

Министрдин орун басары Кыргызстанда халал-продукция боюнча сертификаттар мыйзам бузуу менен алынган учурлар болгонун белгиледи.
"Мыйзамда аккредитация кандай тартипте өтүшү керектиги так көрсөтүлгөн. Кээ бир учурларда продукция халал деп аталып, бирок анын курамында чочконун эти болгон. Мындай көрүнүш “Риха” компаниясында аныкталган. Алар аккредитациядан туура эмес өткөн. Биз алардын лицензиясын кайтарып алдык", — деди Султан Ахматов.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media