Россиянын мунай жана газ кирешеси 420 млрд рублге чейин азаят

Россиянын мунай жана газ кирешеси 420 млрд рублге чейин азаят

Reuters агенттигин Россиянын бюджетине мунайдан жана газдан түшкөн киреше 420 млрд рублди түзүп, былтыркы жылдын ушул январь айына салыштырмалуу 46%га азаярын билдирди.

Бул көрсөткүч 2020-жылдын август айынан берки эң төмөнкү деңгээл. Ал учурда коронавирус пандемиясына байланыштуу күйүүчү майга болгон суроо-талап кескин төмөндөгөн.

Учурда муна менен жаратылыш газынын кирешеси Россиянын бюджетине түшкөн жалпы каражаттын болжол менен 4/1 түзүп, негизги каржылоо булактарынын бири болуп саналат.

Кирешенин төмөндөшүнүн себептердин бири — Россия мунайынын арзандашы. Маалыматка ылайык, декабрь айында мунайдын баасы 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу 53%га түшүп, бир баррели 3073 рублге жеткен.
Москва да мунайдан түшкөн кирешенин азайганын моюнга алган. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, декабрь айында бул көрсөткүч 447,8 млрд рублди түзгөн. Бул 2024-жылдагы 790,2 млрд рублге караганда кыйла төмөн.

Быйыл 1-февралдан тартып Евробиримдик Россия мунайынын баррели үчүн бааны 47,6 доллардан 44,1 долларга чейин төмөндөтөт. Батыш мамлекеттери бул чараны Украинага каршы кеңири масштабдагы согушка байланыштуу киргизген. Алгач, 2022-жылдын декабрында баа чеги баррели үчүн 60 доллар деңгээлинде белгиленип, 2025-жылдын сентябрында 47,6 долларга чейин түшүрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"