“Виртуалдык активдер жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

“Виртуалдык активдер жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документке кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты — виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер рыногунун туруктуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу.

Документте “стейблкоин (stablecoin)”, “реалдуу актив менен камсыздалган токен (RWA Token)”, “мамлекеттик майнинг” жана “мамлекеттик криптовалюта резерви” сыяктуу түшүнүктөрдүн аныктамалары такталган.

Ошондой эле мыйзам президентке белгилүү бир мөөнөткө айрым аймактарда пилоттук жөнгө салуучу чөйрө түзүү аркылуу виртуалдык активдер боюнча инновациялык технологияларды апробациялоо укугун берет. Аталган чөйрөдө лицензиялоо жана уруксат берүүчү документтерди берүү ыйгарым укуктуу орган аркылуу жүзөгө ашырылат.

Мыйзамда майнинг жүргүзгөн жеке ишкерлер жана юридикалык жактар каттоодон өтүүгө милдеттүү экени белгиленген. Каттоодон өткөн субъекттер сертификат алган күндөн тартып майнингди жүргүзө алат.

Мындан тышкары окуңуз

Чоңдор үчүн санариптик технологиялар мектеби түзүлөт

Чоңдор үчүн санариптик технологиялар мектеби түзүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеген жыйында чоңдор үчүн санариптик технологиялар мектебин түзүү тууралуу чечим колдоого алынды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мектеп Билим берүү жана илим министрлигинин алдында түзүлүп, санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталат. Жаңы билим берүү уюму жарандардын заманбап IT-программаларга акысыз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу,

Кыргызстан менен Корея табигый кырсыктар боюнча кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен Корея табигый кырсыктар боюнча кызматташууну кеңейтет

Күн мурун өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Урматбек Шамырканов Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кванджэ менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Министр Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине көрсөтүлүп келген колдоо үчүн Корея өкмөтүнө ыраазычылык

Катарда круиздик лайнерде калган 134 кыргызстандык мекенине кайтарылууда

Катарда круиздик лайнерде калган 134 кыргызстандык мекенине кайтарылууда

Катар мамлекетинде круиздик лайнерде калып калган 134 кыргызстандык жаран Доха шаарынан Сауд Арабия Королдугунун борбору Эр-Риядга жолго чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, жалпы 134 жаран автобустар менен Эр-Рияд шаарына жеткирилип, андан соң учак менен Бишкек шаарына жөнөтүлөт. Жарандардын Кыргызстанга

ТМУ жыйынында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланат

ТМУ жыйынында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланат

Бүгүн Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Стамбулда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин бейформал жыйынына катышат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында ТМУ өлкөлөрүнүн тышкы саясий мекемелеринин башчыларынын учурдагы аймактык жана глобалдык темаларды, анын ичинде, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук