ЖК депутаты 1,3 коэффицентин алып салууга каршылыгын билдирди

ЖК депутаты  1,3 коэффицентин алып салууга каршылыгын билдирди

2026-жылдын 20-январында өткөн Жогорку Кеңештин өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Медербек Саккараев кайра жаралуучу энергия булактарын (ВИЭ) колдонуу менен алынган электр энергиясын кепилдик менен сатып алууда 1,3 коэффициентин алып салууга каршы экенин билдирди.

Анын пикиринде, азыркы электр энергиясынын тартыштыгы шартында мындай кадамга баруу эртелик кылат.

"Бул маселени кайра карап чыга турган учур али алдыда", — деп белгиледи депутат.

Ошондой эле депутат жеке сектордон — күн панелдерин орнотуп, ашыкча электр энергиясын өндүргөн жарандардан электр энергиясын сатып алууга мүмкүндүк берген механизм бар-жогун сурады.

Энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков жарандар менен өндүрүлгөн электр энергиясы үчүн өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Бул маселе "Кыргыз Республикасынын “Кайра жаралуучу энергия булактары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда кароонун алкагында көтөрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"