Кыргыз ювелирлери Италиянын Bvlgari академиясында окушат

Кыргыз ювелирлери Италиянын Bvlgari академиясында окушат

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Италияга болгон иш сапарынын алкагында Виченца шаарында өтүп жаткан Vicenzaoro эл аралык зергерчилик көргөзмөсүнө катышты. Бул көргөзмө зергерчилик тармагындагы негизги B2B аянтчалардын бири болуп саналат.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө МСКнын төрагасы зергерчилик рыногунун заманбап тенденциялары, жаңы материалдар жана технологиялар менен таанышып, Италиянын жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуулар учурунда кыргыз тарап өлкөдөгү зергерчилик тармагынын учурдагы абалын, жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана мамлекеттик колдоо чараларын тааныштырды. Кыргызстан чийки затты кайра иштетүү жана жогорку кошумча наркы бар продукцияларды өндүрүү үчүн перспективдүү аянтча катары чоң мүмкүнчүлүккө ээ экени белгиленди.

Жыйынтыгында тараптар кыргызстандык зергерлерди Bvlgari академиясынын базасында окутуу боюнча макулдашууга жетишти. Мындан тышкары, заманбап жабдууларды жеткирүү, баалуу металлдарды анализдөөгө багытталган лабораториялык технологияларды киргизүү жана республика ичинде толук өндүрүш циклын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз түрк энергетика өкүлдөрү "Казарман ГЭС каскадын" курууну талкуулашты

Кыргыз түрк энергетика өкүлдөрү "Казарман ГЭС каскадын" курууну талкуулашты

Энергетика министри кечээ Таалайбек Ибраев "Орто Азия Инвестициялык Холдинги" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү Гезер Селчук, башкармалыктын төрагасы ⁠ Сур Мухаммет Халук, анын ⁠орун басары Тариель Эрмеев жана компаниянын бир катар өкүлдөрү менен жолукканын "Кабар" жазды. Жолугушууда Казарман ГЭС каскадын куруу долбоорлорунун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча

2026-жылдын эсеби менен Улуттук банк биринчи жолу интервенция жасады

2026-жылдын эсеби менен Улуттук банк биринчи жолу интервенция жасады

19-январда КРнын Улуттук банкы 2026-жылдагы биринчи валюта интервенциясын жүргүзүп, банктар аралык рынокто 134,05 млн $ сатты. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты. Эске салсак, буга чейинки Улуттук банктын акыркы интервенциясы 2025-жылдын 22-декабырында болуп, анда жөнгө салуучу валюта рыногуна 179 млн 500 миң $ сатып, ал өткөн жылдагы эң ири интервенция болуп саналган.

Кыргызстан Өзбекстан менен тери, жүндү кайра иштетүү боюнча кызматташат

Кыргызстан Өзбекстан менен тери, жүндү кайра иштетүү боюнча кызматташат

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин Өзбекстандагы соода өкүлү Бакай Акбаралиев "Узчармсаноат" ассоциациясы менен кызматташтык маселелерин талкуулады. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда Кыргызстандан Өзбекстанга тери экспорттоо жана бул тармактагы кызматташтыктын келечеги талкууланды. "Узчармсаноат" кыргыз терисин сатып алууга жана биргелешкен ишканаларды ачууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын жүн иштетүүдөгү

Өткөн жылы банк секторунун суммардык активдери 1 трлн сомдон ашты

Өткөн жылы банк секторунун суммардык активдери 1 трлн сомдон ашты

2025-жылдын 30-ноябрына карата Кыргызстандын аймагында 21 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 306 филиалы иштеп турган. Улуттук банктан билдиришкендей, жыл башынан тартып банк секторунун суммардык активдери 44,9%га өсүү менен 1 трлн 181,8 млрд сомду түзгөн.  Ошондой эле: * банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 43,6%га өсүү менен