СПЕКА алкагында Кыргызстан менен Түркмөнстан кызматташтыкты кеңейтүүдө

СПЕКА алкагында Кыргызстан менен Түркмөнстан кызматташтыкты кеңейтүүдө

Кечээ Ашхабад шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун СПЕКА программасынын жумалыгынын алкагында Кыргызстандын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Түркмөнстандын Финансы жана экономика министринин орун басары Бабанияз Ялаков менен жолугушту.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, тараптар мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну улантуунун жана соода жүгүртүүнү көбөйтүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкө эл аралык уюмдардын аянтчаларында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти.

СПЕКА — Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгын чыңдоо жана туруктуу өнүгүүсүн колдоо максатында түзүлгөн БУУнун өкмөттөр аралык программасы. Ал соода, санариптештирүү, инновациялар, транспорт, гендердик теңчилик жана ресурстарды туруктуу башкаруу сыяктуу багыттарда тажрыйба алмашууга жана биргелешкен демилгелерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Орто-Токой суу сактагычына 1,2 миллион чабак коё берилди

Орто-Токой суу сактагычына 1,2 миллион чабак коё берилди

13-мартта Нарын облусундагы Орто-Токой суу сактагычына “Орто-Токой ынтымагы” ЖЧКсы тарабынан май-канат балыгынын 1,2 миллион чабагы коё берилди. Чабактардын орточо салмагы 0,45 граммды түзөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бул балыктандыруу иш-чарасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы

Таласта 5 миң орундуу эл аралык деңгээлдеги стадион курулуп жатат

Таласта 5 миң орундуу эл аралык деңгээлдеги стадион курулуп жатат

Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги Талас шаарында курулуп жаткан 5 миң орундуу жаңы стадиондун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жумушчу сапар менен объектке КФСтин вице-президенти Дастанбек Конокбаев, башкы катчы Медербек Сыдыков жана президенттин кеңешчиси Аман Каскеримов барышты. КФСтин маалыматына ылайык, сапардын жүрүшүндө союз өкүлдөрү курулуштун учурдагы баскычын жеринде көрүп чыгып, аткарылып

Быйыл Бишкекте 38 жаңы трансформатор орнотулат

Быйыл Бишкекте 38 жаңы трансформатор орнотулат

Быйыл Бишкек шаарында чыңалуусу 6–10/0,4 кВ болгон 298 трансформатор оңдоодон өтүп, 38 жаңы трансформатор орнотуларын Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул иштер март айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Трансформаторлор төмөнкү райондук электр тармактарында жаңыланат: * Чыгыш РЭТ: 113 даана оңдолуп, 25 даана жаңысы орнотулат; * Батыш РЭТ: 100 даана

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөрүн мэриядан билдиришти. Күн мурун мэр Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге шаар четинде жайгашкан, келечекте өндүрүштүк зоналарды түзүүгө ыңгайлуу аймактарга барып, ал жерлердин учурдагы абалы жана мүмкүнчүлүктөрү менен жеринен таанышты. Мэр жаңы өндүрүш зоналары шаар экономикасын өстүрүп, ишкерлерге шарт түзөрүн жана калкты жумуш