Экономика министрлигинде 1,7 млн сом натыйжасыз пайдаланылган
Эсептөө палатасы Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын бюджетинин аткарылышына аудит жүргүздү.
Эсептөө палатасынан билдиргендей, аудиттин жыйынтыгында материалдык-техникалык базаны чыңдоого бөлүнгөн каражаттар өтө аз көлөмдө пайдаланылганы аныкталды. Тактап айтканда, 2023-жылы бул багытка 378,2 миң сом (1,33%), 2024-жылы 410 миң сом (0,81%) гана жумшалган.
Фонддун негизги бөлүгү кызматкерлерге сый акы жана социалдык төлөмдөргө багытталган. Айрым кызматкерлерге бир ай ичинде бир нече жолу сый акы төлөнгөн учурлар катталган.
Ошондой эле 1,5 млн сомдук негизги каражаттарды эсептен чыгарууда тийиштүү документтер жок экени аныкталган. Күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууда мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам талаптары бузулган.
Мындан тышкары, региондордо жайларды ижарага алуу үчүн бюджеттик каражаттардан 1,7 млн сом натыйжасыз пайдаланылган.
Аудиттин жыйынтыгында аныкталган бузууларды жоюу жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар берилди.