Мамлекеттик мүлктөрдү баалоо стандарттарына өзгөртүүлөр кирет

Мамлекеттик мүлктөрдү баалоо стандарттарына өзгөртүүлөр кирет

Экономика жана коммерция министрлиги 2026-жылдын 23-январында Министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасынын аймагында баалоочулар жана баалоо уюмдары тарабынан милдеттүү түрдө колдонулуучу мүлктү баалоо стандарттарын бекитүү жөнүндө" 2025-жылдын 16-октябрындагы №673 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Долбоор мамлекеттик мүлк объекттерин Министрлер кабинети менен инвестордун ортосунда түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын алкагында, түз сүйлөшүүлөр аркылуу инвесторго өткөрүп берүүдө алардын рыноктук наркын аныктоо тартибин тактоону сунуштайт.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык:

  • мындай объекттердин рыноктук наркы инвестициялык макулдашуунун шарттарын эске алуу менен аныкталууга тийиш. Ага инвесторго өткөрүлө турган укуктардын курамы жана көлөмү, тараптардын милдеттенмелери жана башка шарттар кирет;
  • мамлекеттик мүлк объекттеринин ээси тарабынан берилген нарк боюнча сунуштарды, инвестициялык долбоордун баасын жана башка көрсөткүчтөрдү кошумча маалымат катары пайдаланууга жол берилет;
  • инвестициялык макулдашуунун шарттарын эске алуу аныкталган наркты инвестициялык, атайын же башка рыноктук эмес наркка киргизүүгө негиз болбой турганы бекитилет.

Ошондой эле кыймылсыз мүлктү баалоо стандартына толуктоо киргизүү сунушталууда.

Мындан тышкары, баалоо отчетунун мазмунуна коюлган талаптарга төмөнкү маалыматтарды камтуу сунушталууда. Инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу үчүн даярдалган отчетто:

  • инвесторго өткөрүлө турган укуктардын курамы жана көлөмү;
  • тараптардын милдеттенмелеринин курамы жана көлөмү;
  • инвестордун чыгымдарынын эсептөөсү көрсөтүлүшү керек.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей