Бизнести текшерүүгө 2026-жылдын аягына чейин мораторий киргизүү сунушталды

Бизнести текшерүүгө 2026-жылдын аягына чейин мораторий киргизүү сунушталды

Ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү боюнча Президенттин жарлыгынын долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ бизнеске болгон административдик басымды азайтуу жана экономикалык активдүүлүктү турукташтыруу максатында иштелип чыккан.

Долбоордо белгиленгендей, ишкерлер укук коргоо органдары, салык кызматы, башка көзөмөлдөөчү мекемелер жана жергиликтүү администрациялар тарабынан жүргүзүлгөн ашыкча жана кайталанма текшерүүлөр боюнча массалык түрдө даттанып келишет.

Жарлыктын долбоорунда 2026-жылдын 31-декабрына чейин бизнеске карата бардык текшерүүлөргө мораторий киргизүү сунушталууда.
Өзгөчө учурлар катары кылмыш жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагындагы текшерүүлөр, ишкерлердин өз кайрылуулары, чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын сурамдары, жарандардын даттануулары, ошондой эле мыйзам бузуулар тууралуу так маалымат камтылган ЖМКлардагы жарыялар жана Салык менен Бажы кызматтарынын иш-аракеттери каралган.

Мораторий мезгилинде көзөмөлдөөчү органдар тек гана мониторинг жүргүзүүгө жана консультация берүүгө укуктуу болуп, айып пул салууга же өз демилгеси менен текшерүү жүргүзүүгө укугу болбойт.

Ишкердик субъекттери консультациялык иштин алкагында зарыл болгон маалыматтарды берүүгө милдеттүү, бирок бул маалыматтар мораторий аяктаганга чейин текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media