Салык кызматы жасалма ЭСФларды жөнгө салып жатат

Салык кызматы жасалма ЭСФларды жөнгө салып жатат

Мамлекеттик салык кызматы (МСК) электрондук эсеп-фактураларды (ЭСФ) реалдуу чарбалык операцияларсыз жасалма түрдө тариздөө фактыларын аныктап жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуу менен жүргүзүлгөн аналитикалык иштердин, ошондой эле заманбап санариптик инструменттердин жана маалыматтык системалардын негизинде аныкталууда.

Белгиленгендей, айрым салык төлөөчүлөр ойдон чыгарылган чыгымдарды түзүү жана салыктык милдеттенмелерди мыйзамсыз азайтуу максатында жасалма электрондук эсеп-фактураларды тариздеп жатышат.
Ведомстводо электрондук эсеп-фактураларды берүү реалдуу чарбалык операция болгон учурда жана товарлардын, иштердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн иш жүзүндө кыймылы тастыкталганда гана жол берилерин баса белгилешти.

ЭСФларды жасалма документ жүгүртүү схемаларында колдонуу салык мыйзамдарын түздөн-түз бузуу болуп эсептелет жана мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келет.

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү мыйзамсыз аракеттерди токтотууга жана ишкердик ишмердүүлүктү ак ниеттүү жүргүзүүгө чакырып, мындай мыйзам бузуулар үчүн санкциялар сөзсүз колдонуларын жана олуттуу каржылык жоготууларга алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Өзбекстандын компаниялары 500 миң долларлык келишим түздү

Кыргызстан менен Өзбекстандын компаниялары 500 миң долларлык келишим түздү

Кечээ Ташкент шаарында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргызстандын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен ата мекендик "Алайку Органикс" ЖЧКсы жана өзбекстандык "Alaiku" ЖЧКсы ортосунда 500 миң АКШ доллары суммасында экспорттук келишим түзүлдү. Ведомстводон билдиришкендей, мындай келишимдер эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп

Кара-Суудагы мектеп 37 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өттү

Кара-Суудагы мектеп 37 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өттү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы №100 Санабар Бахапова атындагы мектеп 37 жылдан кийин толук капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Учурда билим берүү мекемесинде 856 окуучу билим алууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын октябрь айында мамлекеттик бюджеттен 63 млн сом бөлүнүп, мектепте капиталдык оңдоо иштери башталган. Учурда бардык иштер

Тоң районундагы рейдде мыйзамсыз сакталган курал-жарактар аныкталды

Тоң районундагы рейдде мыйзамсыз сакталган курал-жарактар аныкталды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда мыйзамсыз аңчылыкка жана балык уулоого каршы багытталган рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Рейддин жүрүшүндө Тоң жана Кажы-Сай айылдарында бир катар үйлөрдө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылды. Тактап айтканда, Кажы-Сай айылынын 1980-жылы туулган

Бишкекте Ауэзов көчөсүндөгү күркө ээлерине демонтаж тууралуу эскертүү берилди

Бишкекте Ауэзов көчөсүндөгү күркө ээлерине демонтаж тууралуу эскертүү берилди

12-мартта Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин катышуусунда Ауэзов көчөсүндө жеринде текшерүү жүргүзүштү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Мэриядан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө соода күркөлөрүнүн ээлерине жана сатуучуларга объекттерди демонтаж кылуу зарылдыгы тууралуу эскертүү берилди. Ишкерлерге соода жүргүзүү үчүн "Чынар" жана "Аламедин" базарларынан альтернативдүү соода