Өзгөн районунда үч энергетикалык объект ишке берилди

Өзгөн районунда үч энергетикалык объект ишке берилди

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында беш объект пайдаланууга берилди, алардын үчөө Өзгөн районунда жайгашкан.

Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, биринчи объект Куршаб айыл аймагында курулган. Аткарылган иштердин баасы 7 миллион 325 миң сомду түзөт.
Экинчи объект — кубаттуулугу 110/35/10 киловольт болгон "Кара-Шоро" подстанциясы. Бул объект боюнча аткарылган иштердин наркы 13 млн 462 миң сомду түздү. Подстанция заманбап электр жабдуулары менен камсыздалган.

Үчүнчү объект "Салам-Алик" тилкесинде энергетика кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында курулган. Акыркы беш жылда энергетика тармагы бир топ жаңыланганы менен, бул дагы эле жетишсиз экендиги белгиленет. Бул объекттер энергетиктер үчүн гана эмес, эң оболу эл үчүн кызмат кылат, анткени алар калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында курулган.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"