Былтыр санаторийлердин кирешеси 779 млн сомго жеткен
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объекттердин ишин башкаруу боюнча дирекциянын кирешеси 779 млн сомду түзүп, өсүү 141%га жетти. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жылдык план 550 млн сом деп белгиленген, бирок киреше ашыгы менен аткарылган. Салыштыруу үчүн, 2024-жылы дирекциянын кирешеси 486 млн сом болгон.
Дирекция 2024-жылдын 25-мартында түзүлүп, 16 объекттин ичинен 15и анын балансына өткөрүлгөн. Бул объекттер мурда кароосуз калып, ири карыздарга баткан.
Маалыматка ылайык, дирекциянын карамагына өткөн учурда санаторийлердин айлык акы, коммуналдык жана салык төлөмдөрү боюнча карызы 90 млн сомдун тегерегинде болгон. Учурда бул карыздар толук төлөнүп, объекттер кирешелүү иш алып барууда.
Ошондой эле УКМКнын колдоосу менен мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен 25 гектар жер жана 5 389 чарчы метр имарат мамлекетке кайтарылган.