Кыргызстан ЮНИДО менен биргеликте экспортко багытталган өнөр жайды өнүктүрөт

Кыргызстан ЮНИДО менен биргеликте экспортко багытталган өнөр жайды өнүктүрөт

Экономика жана коммерция министрлиги ЮНИДО менен биргеликте Кыргыз Республикасы үчүн 2025-2029-жылдарга карата ЮНИДОнун Өлкө өнөктөштүк алкактык программасын (ӨӨП) ишке ашыруу боюнча Улуттук координациялык органдын биринчи жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Жыйын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жана Экономика жана коммерция министри Бакты Сыдыковдун төрагалыгы астында өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык өнөктөштөр жана ЮНИДОнун эксперттери катышты.

Жыйын 2025-жылдын июль айында кол коюлган Программаны иш жүзүндө ишке ашыруу этабына өтүүнү белгилеп, Кыргызстан менен ЮНИДОнун кызматташтыгын координациялоонун туруктуу механизмин түзүүдөгү маанилүү кадам болду. Анын алкагында Улуттук координациялык орган жөнүндө жобо бекитилип, мандаты жана иштөө тартиби аныкталды.

Өлкө өнөктөштүк программасынын негизги максаттары — өнөр жайдын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, экспорттук потенциалды кеңейтүү, инновацияларды киргизүү, өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү жана “жашыл” экономика принциптерин илгерилетүү.

Жыйындын жүрүшүндө программаны ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттары, 2026-жылга карата күтүлгөн натыйжалар жана долбоорлор үчүн финансылык жана техникалык ресурстарды тартуу маселелери талкууланды. Тараптар агроөнөр жай комплекси, жеңил жана фармацевтикалык өнөр жай, санариптик трансформация, инновация жана туризм тармактарын кызматташуунун негизги багыттары катары белгилешти.

Жыйынтыгында Өлкө өнөктөштүк программасын ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдар, анын ичинде долбоор портфелин түзүү жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери аныкталды.

Мындан тышкары окуңуз

Новопавловка айылында 3 млн сомдук маркаланбаган мотор майы кармалды

Новопавловка айылында 3 млн сомдук маркаланбаган мотор майы кармалды

Бишкек шаарынын Ленин районунун Новопавловка айылындагы рейдде акциздик маркасы жок мотор майларын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүдө маркаланбаган ар кандай идиштердеги 294 даана мотор майы табылды. Продукциянын жалпы көлөмү 10 миң 824 литр болуп, жалпы суммасы болжол менен 3 млн сомду түздү.

"Тазалык" ишканасынын абоненттик аласасы 244 млн сомго жетти

"Тазалык" ишканасынын абоненттик аласасы 244 млн сомго жетти

Бишкек шаарындагы Тазалык муниципалдык ишканасы катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн төлөмдөр боюнча карыздарды аныктоо максатында рейддерди күчөтөт. Ишканадан билдиришкендей, текшерүүлөр жарандарды гана эмес, жеке чарбаларды жана кызмат акысын системалуу түрдө төлөбөгөн ишкерлерди да камтыйт. Айрыкча узак убакыттан бери карызы бар абоненттерге өзгөчө көңүл бурулат. 2026-жылдын 1-мартына карата жалпы карыздын суммасы

Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Кыргызстанда 2026-жылы туризм тармагынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизе турган масштабдуу иш-чаралар өтөт. Негизги окуялардын бири учурда кызуу даярдык жүрүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, дүйнөдөгү кырдаалга карабастан, Кыргызстанга чет элдик туристтердин агымы көбөйөт деп болжолдонууда. “Ушуга байланыштуу

"Кыргызалтынга" Таластагы Андаш кенин иштетүүгө укук берилди

"Кыргызалтынга" Таластагы Андаш кенин иштетүүгө укук берилди

Министрлер Кабинети 2026-жылдын 26-мартындагы №198-т тескемеси менен "Кыргызалтын" ААКына Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Андаш кенинин №1 рудалык алтын жана жез казып алуу үчүн жер казынасын пайдалануу укугун берди. Документке ылайык, бөлүнгөн участоктун аянты 400 гектарды түзөт. Кенди иштетүүнү баштоого чейин "Кыргызалтынга" Кыргызстандын "Тарыхый-маданий мурастарды