УКМК: Коррупцияга каршы күрөштөн 352 млрд сом кайтарылды
Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин штаб-квартирасында 2025-жылдагы оперативдик жана кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарууга арналган коллегиялык жыйын өттү. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев катышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жыйында улуттук коопсуздук органдары мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш багытында жогорку натыйжаларды көрсөткөнү белгиленди.
Маалыматка ылайык, акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында мамлекетке 352 млрд сомго (4,14 млрд АКШ долларына) барабар каржылык активдер, мүлк жана жер тилкелери кайтарылган.
Кайтарылган каражаттар толугу менен Президенттин Турукташтыруу фондунун атайын эсебине которулуп, социалдык маанилүү долбоорлорду, инфраструктураны өнүктүрүү жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталат.

