Бажы кызматы былтыр 22 тонна прекурсорлорду кармаган

Бажы кызматы былтыр 22  тонна прекурсорлорду кармаган

2025-жылы укук коргоо ишмердигинин чөйрөсүндө 9792 бажы мыйзамдарын бузуу жана кылмыш аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын колегиясында айтылды.

Маалыматка ылайык, бюджеттин кошумча кирешесинин жалпы суммасы 1 млрд 566 млн сомдон ашты, бул мурунку жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе көп.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө рекорддук натыйжалар да белгиленди: 830 кг ашык баңгизат жана 22 тоннадан ашык прекурсорлор кармалып, жок кылынды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте милиция кызматкерлери  интернет-алдамчылардын уюшкан тобун аныкташты

Бишкекте милиция кызматкерлери интернет-алдамчылардын уюшкан тобун аныкташты

Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери интернет аркылуу алдамчылык менен алектенген уюшкан топту аныкташты. Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы билдиргендей, схеманын катышуучулары өздөрүн банктын кызматкерлери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана башка мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлери катары тааныштырып, жарандарды акчаларын көзөмөлдөгү эсептерге которууга көндүрүшкөн. Андан соң каражаттар тез арада накталай акчага айландырылып же

КРда электрондук акчаны мурастоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

КРда электрондук акчаны мурастоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңеште электрондук акчаны мурастоо тартибин мыйзам деңгээлинде жөнгө салган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Документ электрондук акчаларды жарандык укуктун объектиси катары таанып, аларды мураскерлерге өткөрүп берүүнү камсыздоого багытталган. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын статистикалык маалыматына ылайык, өлкөдө 6,5 млн ашык электрондук капчык катталган. Жалпы 3 миллиондон ашык уникалдуу

Москва районунда ата-энеси жок балдарга жер тилкелери берилди

Москва районунда ата-энеси жок балдарга жер тилкелери берилди

Москва районунда прокуратуранын кийлигишүүсү менен ата-энеси жок үч балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Москва районунун прокуратурасы жетим балдардын турак жайга жана жер тилкесине болгон укуктарын коргоо боюнча текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Петровка айылында жашаган үч тоголок жетим балага

Зергерлерге жеңилдик: баалуу металлдар 2% арзандатуу менен сатылат

Зергерлерге жеңилдик: баалуу металлдар 2% арзандатуу менен сатылат

Министрлер Кабинети зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартибин бекитти. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документ зергердик тармакты чийки зат менен камсыз кылуу жана тармакты колдоо максатында иштелип чыккан. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча жарлыгына жана “Баалуу металлдар жана асыл