Э. Байсалов: 12 жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүү үчүн кошумча 70 млрд сом керек
"Элдик" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча мыйзамдардын аткарылышы талкууланган учурда МинКаб төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов бул багыттагы бардык демилгелер караларын билдирди.
"12 жашка чейинки балдарга жөлөкпул төлөө боюнча сиздердин долбооруңуздарды көрдүк. Бул сунуштардын баары каралат. Бюджет сиздердин колуңуздарда. Балким, салыктарды көбөйтүү же башка чаралар керек болушу мүмкүн, бирок биз каржылоо булактарын табышыбыз зарыл. 1-апрелден тарта мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин жана социалдык тармактагы башка кызматкерлердин эмгек акысы жогорулайт", — деди чиновник.
Ошол эле учурда ал республикалык бюджеттен кошумча 70 млрд сом табуу зарыл экенин кошумчалап, бирок бул каражат кайсы максаттарга жумшалары такталган жок.
Эске салсак, буга чейин президент "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджети жана 2027–2028-жылдарга пландык мезгил жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Документке ылайык, бюджеттин кирешеси 551,2 млрд сомду, чыгымдары 550,8 млрд сомду түзүп, профицит 436,4 млн сом болот.