Кыргыз балы эми Евробиримдиктин аймагына экспортолот

Кыргыз балы эми Евробиримдиктин аймагына экспортолот

Еврокомиссия кыргыз балын Евробиримдиктин аймагына киргизүүгө уруксат берген Еврокомиссиянын техникалык регламентинин атайын тизмесине кошту.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул жагдай Кыргызстандын улуттук көзөмөлдөө жана сертификациялоо системасы Евробиримдиктин талаптарына шайкеш келгенин ырастайт.

Еврокомиссиянын бул чечими кыргыз балын өндүрүүчүлөрүнө сатуу рыногун кеңейтүүгө жана ата мекендик продукциянын эл аралык рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Буга чейин кыргыз балын Европанын рыногуна киргизүү боюнча бир топ жылдардан бери аракеттер көрүлүп, Евробиримдиктин сертификациялоонун катаал талаптарынын айынан кыргыз балын экспорттоого мүмкүн болбой келген.

Министрлик мындан ары дагы Европанын рыногуна балдан тышкары да башка ата мекендик продукцияларды экспорттоо боюнча иш-аракеттерин улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Данияр Амангелдиев: Өкмөт чара көрбөсө, күйүүчү майдын баасы 140 сомдон ашмак

Данияр Амангелдиев: Өкмөт чара көрбөсө, күйүүчү майдын баасы 140 сомдон ашмак

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын кымбатташы Кыргызстандагы баага да таасир эткенин билдирди. Бул тууралу ал "Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Амангелдиевдин айтымына караганда, акыркы эки айда бензиндин дүйнөлүк баасы дээрлик эки эсеге өсүп, бир тоннасы 860 доллардан 1700 долларга жеткен. Эгер өкмөт бааны

АИ-95 күйүүчү майынын тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берилди

АИ-95 күйүүчү майынын тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берилди

AИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы орусиялык компаниялар тарабынан киргизилген жеткирүү чектөөлөрүнө байланыштуу. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адиси Лариса Шустикова “Биринчи”радионун" эфиринде билдирди. "Орусиялык компаниялар бул жерде иштеген өздөрүнүн ишканаларына АИ-95 бензинди жеткирүүнү чектешти. Ошол эле учурда, үч ири мунай ишканалары ишин улантып, запастарга

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк сейил багынын аймагын кыдырып чыгып, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле подряддык уюмга жана тиешелүү шаардык кызматтарга калган иштерди аягына чыгаруу жана объектти мындан ары талапка ылайык жасоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө объектти оңдоп-

Сокулуктун Күнтуу айылына суу сактагыч курулат

Сокулуктун Күнтуу айылына суу сактагыч курулат

Президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун тапшырмасына ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Күнтуу айыл аймагында суу сактагычты куруу маселеси боюнча жергиликтүү тургундар менен коомдук талкуу өткөрүлдү. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараева, Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги, жергиликтүү өз алдынча