Улуттук банктын 2025-жылдагы кирешесинин 100%ы өлкө казынасына которулат

Улуттук банктын 2025-жылдагы кирешесинин 100%ы өлкө казынасына которулат

Жогорку Кеңешке Улуттук банктын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча алынган таза кирешесинин 100%ын республикалык бюджеттин кирешесине которууну караган конституциялык мыйзам долбоору киргизилди.

Документке ылайык, кирешени бөлүштүрүүнү жана резервдерди түзүүнү жөнгө салган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 12-беренесинин 4- жана 5-бөлүктөрүнүн колдонулушу убактылуу токтотулат жана 2025-жыл үчүн отчеттуулукка карата колдонулбайт. Каражаттарды которуу жылдык финансылык отчеттуулук көз карандысыз тышкы аудитор тарабынан тастыкталгандан кийин жүргүзүлөт.

Мыйзам долбоорунда ошондой эле мурда ушундай тартипти жөнгө салган 2025-жылдын 5-февралындагы №34 мыйзамды күчүн жоготту деп табуу сунушталууда.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, бул демилге социалдык маанидеги чыгымдарды каржылоо үчүн республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө багытталган. Документти Жогорку Кеңештин Регламентинин экономикалык туруктуулукка байланышкан мыйзам долбоорлору үчүн каралган нормаларына ылайык, кезексиз тартипте жана үч окууда бир учурда кароо сунушталууда.

Мыйзам долбоору бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт жана башка нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү зарыл кылбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында эртең муздак суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында эртең муздак суу өчүрүлөт

7-апрелде саат 09:00дөн 8-апрелге караган түнкү 02:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик жана өндүрүш объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотуларын Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Суу өчүрүлө турган аймактар: * Алыкулов — Кустанай — Муром — Садыгалиев — Лев Толстой көчөлөрүнүн аралыгы, ошондой эле Coca-Cola заводунун аймагы; * Садыгалиев

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Бишкектеги калдыктарды кайра иштетүү заводун көрүштү

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Бишкектеги калдыктарды кайра иштетүү заводун көрүштү

ШКУга мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин көзөмөлдөгөн министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин жетинчи жыйынынын жана эксперттеринин отурумуна катышкан делегаттар үчүн катуу тиричилик калдыктарынан электр энергиясын өндүргөн экологиялык заводго тааныштыруу экскурсиясы өткөрүлгөнүн мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэрдин орун басары Рамиз Алиев экскурсияда катышуучуларга ишкананын ишмердүүлүгү, калдыктарды кайра иштетүүнүн заманбап технологиялык процесстери,

"Жыргалаң" курортунун жер тилкелеринин аукциону 8-апрелде башталат

"Жыргалаң" курортунун жер тилкелеринин аукциону 8-апрелде башталат

Ысык-Көл облусундагы "Ала-Тоо Резорт" ири курорттук зонасындагы жер тилкелерин сатуу боюнча экинчи аукцион өтөрүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аукциондогу сатуулар 8-10-апрелде өткөрүлүп, күнүнө 12ден лот коюлат. Аукционго "Жыргалаң" курортунун курулуш зонасында туристтик жана инфраструктуралык объектилерди камтыган 36 лот бар. Бул тилкелерде

Февралда 81 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Февралда 81 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту республика боюнча 81 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Корутундулар объектилердин жер титирөөгө туруктуулугун баалоого, ошондой эле долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоого