Алтын баасынын өсүшү глобалдык экономикадагы олуттуу көйгөйлөрдү көрсөтөт

Алтын баасынын өсүшү глобалдык экономикадагы олуттуу көйгөйлөрдү көрсөтөт

Дүйнөлүк рынокто алтындын баасынын өсүшү глобалдык экономикада жана финансылык тутумда олуттуу көйгөйлөр бар экенинен кабар берерин экономист Улукман Маматов радио эфиринде билдирди.

Анын айтымында, алтындын баасынын жогорулашы кокустук көрүнүш эмес.

"Алтындын баасынын өсүшү — глобалдык тобокелдиктердин, инфляциянын жана финансылык рыноктордогу туруксуздуктун чагылышы. Бул Улуттук банкка, биздин резервдерге жана алтын казып алуу менен алектенген “Кумтөр”, “Кыргызалтын” сыяктуу компанияларга пайдалуу. Бирок калк үчүн инфляциялык басым азыртадан эле сезиле баштады. Ошондуктан резервдердин өсүшүн бир гана оң көрсөткүч катары кабыл албастан, салмактуу жана өз убагындагы чечимдерди кабыл алуу өтө маанилүү", — деди ал.

Экономисттин айтымында, геосаясий чыңалуу, анын ичинде Батыш өлкөлөрүнүн саясаты жана АКШ администрациясынын аракеттери да алтын баасынын өсүшүнө таасир этүүдө.

Улукман Маматов алтын-валюта резервдерин жана алтынды виртуалдык активдерди чыгарууда камсыздоо катары пайдаланууну сунуштады. Анын пикиринде, бул алтынды сатпай туруп инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле учурда, дүйнөлүк кризис күчөгөн шартта алтын өлкөнүн стратегиялык резерви жана экономикалык туруктуулуктун булагы катары сакталып калат.

Ошондой эле экономист санарип сомду киргизүү туура кадам экенин белгилеп, бирок анын улуттук валютага байланганын эскертти.

"Эгер кризис шартында сом алсырай турган болсо, санарип сом да ошол эле тобокелдиктерге туш болот. Менин оюмча, экинчи, көбүрөөк обочолонгон финансылык контурду — шарттуу түрдө “алтын сомду” же алтын резервдери жана тоо-кен тармагынын ресурстары менен камсыздалган виртуалдык активди түзүү зарыл. Мындай стратегиялык даярдык көрүүгө азырынча убакыт бар", — деди Маматов.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"