Мамлекеттик салык кызматы планшеттерди сатып алуу боюнча тендер жарыялады
Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, 150 даана планшет сатып алууга жалпысынан 5 млн 173 миң 500 сом бөлүү пландалууда.
Техникалык талаптарга ылайык, планшеттердин түсү кара же боз болушу керек. Ички эс тутумунун көлөмү кеминде 256 гигабайтты, оперативдик эс тутуму кеминде 8 гигабайтты түзүүгө тийиш. Ошондой эле кепилдик мөөнөтү эки жылдан кем болбоосу талап кылынат.
Жабдуучулардын сунуштары 13-февралга чейин кабыл алынат.
Планшеттер Мамлекеттик салык кызматынын кампасына келишим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган күндөн тартып 60 календардык күндүн ичинде жеткирилиши керек.