Оштогу тигүү фабрикасында 600дөй жумушчу орун түзүлөт

Оштогу тигүү фабрикасында 600дөй жумушчу орун түзүлөт

Улуттук инвестициялар агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров Кара-Суу районунун Кашгар-Кыштак айылында жайгашкан "Евразия Групп" компаниясынын тигүү фабрикасына иш сапары менен барды.

Сапардын негизги максаты — фабриканын экинчи этабын куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышуу болду. Долбоордун биринчи жана кийинки этаптарын кошкондо жалпы инвестициянын көлөмү 40 миллион долларды түзөт.

Экинчи этаптын алкагында иштеп жаткан өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүү, кошумча тигүү цехтерин куруу жана заманбап боёо цехин ишке киргизүү пландалууда. Бул этаптын ишке ашырылышы текстилдик кездемени өндүрүүдөн тартып даяр продукцияны тигүүгө чейинки толук өндүрүш циклин түзүүгө мүмкүндүк берет. Натыйжада текстилдик продукцияны импорттоого болгон көз карандылык азайып, жергиликтүү өндүрүштүн үлүшү жогорулайт.

Фабриканын кеңейиши менен 600дөн ашуун жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бул Кара-Суу районунун жана жалпы Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот.

Равшанбек Сабиров долбоордун Кыргызстандагы жеңил өнөр жайын өнүктүрүүдөгү стратегиялык маанисин белгилеп, региондорду өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган инвестициялык демилгелерге мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Эске салсак, фабрика 2024-жылы пайдаланууга берилген. Толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыккандан кийин ишкана продукциясын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, Түндүк Африкага, Европа Биримдигине жана КМШ мамлекеттерине экспорттоону пландап жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"