Төш белгилерге жана грамоталарга болжол менен 1,5 млн сом сарпталат
Саламаттык сактоо министрлиги 2026-жылга карата төш белгилерди, күбөлүктөрдү, ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды сатып алуу боюнча тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максаттарга жалпысы 1 млн 468 миң сом бөлүү пландалып жатат.
Анын ичинен 840 миң сом "Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери" төш белгисин футляры менен сатып алууга, 90 миң сом аталган төш белгиге берилүүчү күбөлүккө, 270 миң сом А4 форматындагы "Ардак грамота" папкасына, 138 миң сом ыраазычылык каттардын алкагына жана башка товарларга каралган.