Ишкерлерди тейлөө борборуна АӨБдөн 1 млн субгрант алынат

Ишкерлерди тейлөө борборуна АӨБдөн 1 млн субгрант алынат

МинКаб "Ишкерлерди тейлөө борборун өнүктүрүү" долбоорунун алкагында иш-чараларды ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы менен субгранттык макулдашуунун долбоорун жактырды. Тиешелүү тескеме 2025-жылдын 30-декабрында № 1170-т менен кабыл алынды.

Документке ылайык, Финансы министри макулдашууну принципиалдуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укуктуу.

Макулдашуунун долбооруна ылайык, Кыргыз Республикасына 1 млн доллар өлчөмүндө субгрант берилет. Каражаттар ишкерлерди тейлөө борборлорун өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды колдоого жумшалат, анын ичинде:

– ишкерлерге кызмат көрсөтүү үчүн интеграцияланган агенттиктин операциялык моделин иштеп чыгуу;
– ишкерлерди тейлөө борборлору аркылуу лицензиялоо жана сертификациялоо жаатындагы кызматтарды оптималдаштыруу жана кеңейтүү;
– кызматтарды онлайн режиминде көрсөтүү үчүн санариптик платформаны киргизүү.

Иш-чараларды ишке ашыруучу агенттик катары Экономика жана коммерция министрлиги аныкталды. Каржылоо Экономикалык диверсификацияны илгерилетүү программасынын (3-подпрограмма) алкагында жүзөгө ашырылат.

Субгрантты жабуунун акыркы мөөнөтү 2028-жылдын 30-июнуна белгиленген. Каражаттардын негизги бөлүгү — 933,86 миң доллары — консультациялык кызматтарга, жабдууларды сатып алууга жана потенциалды жогорулатууга багытталат, ал эми калган бөлүгү бөлүштүрүлбөгөн каражат катары каралган.

Макулдашууда каржылык башкаруу жана коргоо чаралары боюнча Азия өнүктүрүү банкынын талаптарын сактоо, ошондой эле салыктарды жана жыйымдарды кошо алганда, кошумча чыгымдарды биргелешип каржылоону Кыргыз Республикасынын камсыз кылуу милдеттенмеси каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Ак ниет ишкерлеринин Реестрине кайсы компаниялар өттү, кимдер четте калды?

Ак ниет ишкерлеринин Реестрине кайсы компаниялар өттү, кимдер четте калды?

Экономика жана коммерция министрлигинде Ак ниет ишкерлердин реестрине киргизүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, комиссиянын кароосуна ишкерлерден 44 арыз келип түшкөн. Жыйындын жүрүшүндө айрым компаниялар белгиленген талаптарга жооп бербегендиктен четке кагылды. Талаптар Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген жобого ылайык

Биринчимай райондук соту "Кыргызнефтегаздагы" коррупция иши боюнча шектүүлөрдү камакка алды

Биринчимай райондук соту "Кыргызнефтегаздагы" коррупция иши боюнча шектүүлөрдү камакка алды

Бишкек шаарынын Биринчимай райондук соту "Кыргызнефтегаз" ААКы компаниясындагы коррупция иши боюнча төрт шектүүнү камакка алуу чечимин чыгарганын соттун басма сөз кызматы билдирди. Камакка алуу чечими 19-мартта кабыл алынган. Шектүүлөр — ишкананын мурдагы башкармалык төрагасы 1983-жылы туулган Н.Н., анын орун басары 1980-жылы туулган А.Р., ошондой эле аффилирленген структуралардын

Мамлекеттик маанидеги объектилер биринчи жолу ири реконструкциядан өтүүдө

Мамлекеттик маанидеги объектилер биринчи жолу ири реконструкциядан өтүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бир катар мамлекеттик объектилердеги реконструкция жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Алардын катарына Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий документтеринин Борбордук мамлекеттик архиви жана Президенттин Архиви кирет. Учурда объектилерде ички жана тышкы оңдоо

Өзгөн районунда интернет алдамчылык боюнча дроппер кармалды

Өзгөн районунда интернет алдамчылык боюнча дроппер кармалды

Өзгөн РИИБнин маалыматына ылайык, Өзгөн районунда интернет алдамчылык иши боюнча дроппер аныкталды. Милициянын маалыматына караганда, 2026-жылдын 21-январында 1992-жылы туулган А.К. аттуу жаран РИИБге кайрылган. Ал Telegram’дагы "Тему" группасында белгисиз адамдар акчасын көбөйтүп берем деп 556 миң 819 сомду банк карталарына которууга көндүрүшкөнүн билдирген. Бул факт боюнча