Россия Мамдумасынын депутаты жеңил өнөр жай импортуна КНС киргизүүнү сунуштады

Россия Мамдумасынын депутаты жеңил өнөр жай импортуна КНС киргизүүнү сунуштады

Россиянын ЛДПР партиясынын төрагасы Леонид Слуцкий Россияда эле өндүрүлүп жаткан жеңил өнөр жай продукциясынын айрым түрлөрүнө импорт учурунда КНС (кошумча нарк салыгы) салууну сунуштады. Ал эми Россияда чыгарылбаган — чийки зат, кездемелер, фурнитура жана компоненттерди — бажы төлөмүсүз алып келүү режимин сактап калуу керектигин билдиргенин партиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Ал өз билдирүүсүндө Россиянын коңшу өлкөлөрү — анын ичинде Кыргызстан, ошондой эле Өзбекстан жана Казакстан — ушуга окшош "коргоо чараларын" колдонуп жатканын өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, бул мамлекеттер даяр продукцияга, анын ичинде Россиядан келген товарларга карата ушундай чараларды киргизип жатышат. Натыйжада рынокто диспропорция күчөп, россиялык бизнес "бардык тараптан кысымга алынып жатат.

Ушул логиканын негизинде ал импортту эки топко бөлүүнү сунуштайт: өндүрүш үчүн керектелген компоненттерди — бажы төлөмдөрүсүз жана "ашыкча салык басымысыз" алып келүү, ал эми кайра иштетүү деңгээли жогору болгон жана Россияда өндүрүлүп жаткан даяр товарларды — "тең шартта" салык системасына кошуп, КНС төлөтүү.

Кошумча чаралар катары ал локалдашкан өндүрүшү бар өндүрүүчүлөр үчүн маркетплейстердин комиссияларын төмөндөтүүнү жана жеңил өнөр жай тармагындагы ата мекендик товарлар үчүн кеминде 30% квота киргизүүнү сунуштады.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media