Борбор Азиядан Улуу Британияга сезондук жумушчулар үчүн коопсуз миграция долбоору - кыргызстандыктар үчүн келечекти түптөөгө жол ачууда

Борбор Азиядан Улуу Британияга сезондук жумушчулар үчүн коопсуз миграция долбоору - кыргызстандыктар үчүн келечекти түптөөгө жол ачууда
Сүрөттөр Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Кыргызстандагы кеңсесинен алынды

Көп жылдар бою эмгек миграциясы кыргызстандыктар үчүн биринчи кезекте жан сактоонун жолу болгон. Элдер үй-бүлөсүн багуу, эң негизги муктаждыктарын канааттандыруу жана жакындарына жардам берүү үчүн чет өлкөгө чыгып келишкен. Оор эмгек менен табылган акча дээрлик толугу менен күнүмдүк чыгымдарга - тамак-аш, кийим-кече жана оңдоп-түзөөлөргө корогон. Көңүлдүн чордону учурдагы, күнүмдүк муктаждыктарга бурулган. Мындай мамиле жашап кетүүгө мүмкүндүк бергени менен келечекте зарыл болуучу орун калтырган эмес.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, мигранттардын акча которуулары жылына болжол менен 225 млрд сомго жетет, бул өлкөнүн ИДПсынын 17,7% түзөт. Бирок, бул каражаттын 90% жакыны муктаждыктарга жумшалып, көзгө көрүнбөй жоголот. Алар эч качан активдерге, бизнеске же жумуш орундарына айланбайт. Мына дал ушул жерден суроо жаралат: акча жашоонун муктаждыктарын гана камсыз кылбастан, анын траекториясын да өзгөртө алабы?

Үйдү жакшыраак кылган - акча

 Мекенге кайтып келген мигранттар үчүн микробизнести биргелешип каржылоо пилоттук демилгеси эң жөнөкөй жана чындыкка негизделип түзүлгөн. Улуу Британияда мыйзамдуу түрдө иштеп, өз бизнесин баштоо үчүн баштапкы капиталын топтогон адам кошумча каржылоону гана эмес, ошондой эле Эл аралык миграция уюмун (ЭМУ) ишенимдүү өнөктөш катары таануу мүмкүнчүлүгүн алат. Ишкердин өз каражаты грант менен толукталат жана бул каражаттар сабаттуу башкаруу үчүн зарыл болгон колдоону алат.

Биргелешип каржылоо демилгеси Улуу Британиядагы Сезондук жумушчулар программасына катышып, мекенине кайтып келген кыргызстандык жарандарга багытталган. Бул колдоо “Борбор Азиядан Улуу Британияга сезондук жумушчулар үчүн коопсуз миграция” долбоорунун алкагында уюштурулган. Ал чет өлкөдө иштеп табылган каражатты Кыргызстандын ичинде инвестицияга салууга багытталган.

Улуу Британиядан кайтып келген мекендештер тарабынан ачылган бизнес-долбоорлордун көпчүлүгү үй-бүлөлүк бизнес болуп саналат жана бул абдан маанилүү. Азыркы заманда бизнес көбүнчө тез сатууну көздөгөн стартап катары түзүлөт. Ал эми үйбүлөлүк бизнестин логикасы башкача, ал жубайлардын, ата-энелердин жана балдардын ортосунда бөлүштүрүлөт.

Бирөөлөр бал челектерди ачышат, башкалар айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүчү өндүрүштү иштетсе, айрымдар чакан өндүрүш же сервистик кызматка артыкчылык беришет. Мындай мамиледе үй-бүлө оордук же менчик формасы эмес. Ал туруктуулукту түптөгөн түркүк болуп саналат. Бул жерде жоопкерчилик жогору, пландаштыруу горизонту узак, ал эми чечим чыгаруу тез натыйжаларга эмес, бир нече жыл мурунтан эсептелип, кабыл алынат.

Колдоо кандайча иштейт?

2022-жылдан бери 450дөн ашык адам (анын ичинде 150 аял) каржылык сабаттуулук, бизнес-пландоо жана туруктуу өнүгүү боюнча окутуудан өтүшкөн. Айыл жергесинен келген 59 ишкер, алардын 19у аялдар, гранттарды алышып, “Борбор Азиядан Улуу Британияга сезондук жумушчулар үчүн коопсуз миграция” долбоорунун катышуучулары катары бизнесин башташты же кеңейтишти.

Колдоо модели каржылоонун айланасында гана эмес, ишкердин кызыгуу менен катышуусуна багытталган. Демилге 1+1 биргелешип каржылоо принцибине негизделген пилоттук долбоор болуп саналат. Мындай мамиле катышуучуларга өз бизнесине чындап жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жардам берет. Ишкер жөн гана каржылоого ээ болбостон, өз каражатын, убактысын жана кадыр-баркын башкарууну үйрөнөт.

Эгерде “Борбор Азиядан Улуу Британияга сезондук жумушчулар үчүн коопсуз миграция” долбоору жөн гана акча бөлүштүрүү менен чектелсе, анын натыйжасы кыска мөөнөттүү болмок. Ошондуктан, катышуучуларга алгач билим берүү базасы сунушталып, ишкердиктин маңызын терең түшүнүп, туруктуу пайдубал түптөөгө жардам берилет.

Биринчи этап - окутуу жана бизнес-түшүнүктү калыптандыруу.

Андан кийин бизнес-пландарды иштеп чыгуу, аны комиссиянын алдында коргоо жана ишке ашырууга мүмкүн болгон эң мыкты идеяларды тандоо жүргүзүлөт.

Ишкерлер өз бизнесин баштагандан кийин, алар максаттуу консультация алышат: рынокту талдоо, өз чөйрөөсүн издөө, кардарлар менен иш алып баруу, сатууну өнүктүрүү жана соцтармакта болуу боюнча жардам берилет. Ишкерлер жергиликтүү бийлик органдары менен түздөн-түз баарлашкан биримдик деңгээлиндеги аймактык жолугушуулар да маанилүү ролду ойнойт. Көптөр үчүн бул мамлекетке көз карандылыктын логикасында эмес, толук кандуу өнөктөштүк түрүндө тең укуктуу диалог куруунун биринчи тажрыйбасы болуп саналат.

2023–2024-жылдары гранттын ар бир 1 сому өздүк салымдын 1,01 сомуна туура келген. 2025–2026-жылдары бул көрсөткүч 1,24 сомго чейин өстү. Башкача айтканда, ишкерлер азыр грант түрүндө каржылоодон алган каражатына караганда, бизнеске 24% көбүрөөк инвестиция салып жатышат. Бул өсүштүн жана жаңы ишканага олуттуу киришүүгө даярдыктын маанилүү көрсөткүчү.

ЭМУнун мониторингине ылайык, 2024-жылга чейин катышуучулардын жылдык кирешеси 600 миң сомдон 1 млн сомго чейин, ал эми бизнестин орточо кирешелүүлүгү 20%дан 60%га чейин өскөн.

Бирок социалдык эффект андан кем эмес мааниге ээ. Жүздөн ашык сезондук, убактылуу жана туруктуу жумуш орундары түзүлгөн. Айрым ишканалар экспортко багытталган бизнес моделдерин, биринчи кезекте азык-түлүк жана бал өндүрүүгө алышкан. Аймактар ​​үчүн бул киреше гана эмес, жаңы экономикалык таянычтардын пайда болушун да билдирет.

Мигранттын үлүшү: кайра ойлонуу

Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө көптөн бери туруктуу жана абдан зыяндуу стереотип: мигрант - бул убактылуу жана экинчи даражадагы адам деген пикир жашайт. Элдер көп учурда чет өлкөдө да, өз өлкөсүндө да ишенбөөчүлүккө туш болушат.

Бирок өнүгүп келе жаткан жана жаш өлкөлөрдүн өкүлдөрү үчүн миграция баштапкы капиталды топтоонун эң ишенимдүү жолдорунун бири болушу мүмкүн. Эгерде адам өз ресурстарын акылдуулук менен башкаруу, жумуш орундарын түзүү, салыктарды төлөө жана жергиликтүү экономикага турукташуу мүмкүнчүлүгү берилсе, ал жөн эле жалданып иштеген жумушчу болбой калат. Ал инвесторго айланат.

Мындай ишкер көп учурда кирешесин акылсыз коротпостон, аны кайра инвестициялайт: өндүрүштү кеңейтет, жаңы продукцияларды чыгарат жана жаңы рынокторду издей баштайт. Бул - тез эмес, бирок ишенимдүү туруктуу өсүштүн жолу. Анын натыйжасында, балким бул кишилердин балдары жумуш издеп өлкөдөн чыгып кетишинде кажет болбой калат. 

Ар бир кайтып келген адамдын окуясы - бул идеяны жана акчаны келечектин пайдубалына айландыруунун тажрыйбасы. Чет өлкөдө топтолгон каражат үй-бүлөлүк бизнеске, жумуш орундарына жана туруктуу кирешеге айландырылганда, ар бир үй-бүлөнүн жашоосу, ошондой эле аймактардын жана жалпы өлкөнүн өнүгүү логикасы өзгөрөт. Дал ушундай токтоо, прагматикалык чечимдер менен чындап узак жана бактылуу жашоо башталат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте бардык унаа токтотуучу жайларга QR-код аркылуу төлөө орнотулат

Бишкекте бардык унаа токтотуучу жайларга QR-код аркылуу төлөө орнотулат

Бишкек шаарында 3 миң 221 унаа токтотуучу орун (машино-орун) бар экенин "Эмгек" жана "Жаңы Күч" фракцияларынын биргелешкен жыйынында "Шаардык жол-транспорттук инфраструктура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Бакай Асылбек уулу билдирди. Буга чейин шаардык кеңештин депутаты Элнура Дүйшекеева борбор калаада канча муниципалдык унаа токтотуучу жай бар экенин

Бишкектеги автобус айдоочуларынын орточо маянасы 56,7 миң сом

Бишкектеги автобус айдоочуларынын орточо маянасы 56,7 миң сом

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эмир Марлисбеков 3-февралда "Эмгек" жана "Жаңы Күч" фракцияларынын биргелешкен жыйынында автобустун айдоочуларынын учурдагы айлык акысынын деңгээли жана аны эсептөө тартиби тууралуу суроо узатты. Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров автобустун айдоочуларынын айлык акысы KPI көрсөткүчтөрүнүн негизинде төлөнөрүн билдирди. Анын айтымында,

Ошто Даун синдрому бар балдарга ресурстук борбор ачылды

Ошто Даун синдрому бар балдарга ресурстук борбор ачылды

Ош шаарында Даун синдрому бар балдарды коомго аралаштыруу жана ата-энелерине ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында көп функционалдуу күндүзгү ресурстук борбор ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор "Сантерра-Юг" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган. Учурда "Сантерра-Юг" коомдук кайрымдуулук фондуна Кыргызстандын түштүк аймактары боюнча 300дөн ашуун ата-эне катталып, алардын ичинен 70и

Кызыл-Кыяда суткалык суу бассейн кеңейтилет

Кызыл-Кыяда суткалык суу бассейн кеңейтилет

Кызыл-Кыя шаарындагы "Караван" суткалык жөнгө салуучу бассейни оңдолорун президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бүгүн президенттин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, жериликтүү жетекчилер жана суу чарба тармагынын жетекчилери менен суу сактагычты жеринен көрүштү.  Ташбалтаев алдыда бул инженердик курулманы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн долбоорун даярдоону жана сугат мезгили башталганга чейин