ЕАЭБ жеңилдиктери: Кыргызстан эт, кант, мөмө жемиштер боюнча бажы салыгын төлөбөйт

ЕАЭБ жеңилдиктери: Кыргызстан эт, кант, мөмө жемиштер боюнча бажы салыгын төлөбөйт

2026-жылдын 30-январында ЕЭК Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин колдоого багытталган бир катар чечимдер кабыл алынды. Кабыл алынган документтерге ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына ички керектөө жана өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн алып келинген социалдык жана экономикалык жактан маанилүү айрым товарларга карата киргизүүчү бажы төлөмдөрүнөн бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдиктер каралган.

Бодо малдын эти

Жеңилдик мөөнөтү: 2026-жылдын 31-декабрына чейин
Көлөмү: 5 миң тоннадан ашпайт
Жеңилдик төмөнкү товарларга колдонулат:
• бодо малдын жаңы же тоңдурулган эти
(ЕАЭБ Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасы (ТЭИ ТН) коддору: 0201 …),
• бодо малдын тоңдурулган эти
(ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору: 0202 …).
Тарифтик жеңилдик уюмга мүчө-мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, импорттоочу уюмдар, товарлардын номенклатурасы жана көлөмү көрсөтүлгөн ырастоочу документ болгондо берилет.
Жеңилдик менен алып келинген этти пайдаланууга эт продукциясын өндүрүү максатында гана жана этти кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан гана уруксат берилет.

Кант

Камыш кант-сырьёсу
(ЕАЭБ ТЭИ ТН 1701 13 субпозициясы)
Көлөмү: 20 миң тоннадан ашпайт
Жеңилдик Кыргызстандын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, товарды колдонуу максатын тастыктаган жана импорттоочулар менен кайра иштетүүчү уюмдар тууралуу маалыматтарды камтыган документ болгондо колдонулат.
Камыш кант-сырьёсун пайдаланууга Кыргызстан аймагында өнөр жайды кайра иштетүү үчүн гана уруксат берилет. Жеңилдетилген чийки заттан өндүрүлгөн ак кантты ЕАЭБдин башка мүчө-мамлекеттерге чыгарууга жол берилбейт.

Какао продукциясы
Жеңилдик мөөнөтү: жыл сайын 2027-жылдын 30-апрелине чейин
• какао-майы
(ЕАЭБ ТЭИ ТН коду: 1804000000) — 300 тонна

Кабыл алынган чаралар ички рынокту туруктуу камсыз кылууга, кайра иштетүүчү ишканаларды колдоого, өлкөнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media