Италия компаниясы Кыргызстандагы иргелбеген калдыктарды кайра иштетүүгө жардам берет

Италия компаниясы Кыргызстандагы иргелбеген калдыктарды кайра иштетүүгө жардам берет

Улуттук инвестициялар агенттигинде калдыктарды кайра иштетүү боюнча инновациялык жана экологиялык жактан таза технологияларга адистешкен Италиянын TRITOR S.R.L. компаниясынын өкүлдөрү менен расмий жолугушуу өттү.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө туруктуу өнүгүү багытында эки тараптуу кызматташтыктын келечеги, "жашыл" технологияларды киргизүү, катуу тиричилик жана медициналык калдыктарды кайра иштетүү маселелери, ошондой эле Кыргызстанда пилоттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Улуттук инвестициялар агенттиги менен TRITOR S.R.L. компаниясынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документ өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жана узак мөөнөттүү, натыйжалуу, өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

Меморандумда күнүнө 200 тоннага чейин иргелбеген тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу, цемент ишканаларында экологиялык жактан таза альтернативдүү отунду колдонуу, таштанды полигондорун рекультивациялоо жана тазалоо боюнча заманбап чечимдерди киргизүү, ошондой эле мамлекеттик медициналык мекемелерде медициналык калдыктарды кайра иштетүү долбоорлорун ишке киргизүү каралган.

Мындан тышкары, жергиликтүү кадрларды даярдоо жана окутуу, инвестицияларды тартуу жана каржылык процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулганы белгиленет.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"