"Кыргызалтын" минералдарды өндүрүүгө АКШ технологиясын киргизет

"Кыргызалтын" минералдарды өндүрүүгө АКШ технологиясын киргизет

"Кыргызалтын" ачык акционердик коому B5+1 бизнес-форумунун алкагында АКШнын ири компаниялары — Pangea Global, Mooney Group, TETHYS Gateway Investment, ошондой эле Nasdaq фондулук биржасынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулар "Кыргызалтын" ААКнын башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимовдун жетекчилиги астында өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын тоо-кен тармагын өнүктүрүүнүн келечеги, заманбап технологияларды киргизүү, лабораториялык изилдөөлөрдү күчөтүү, адистерди даярдоо жана ата мекендик өндүрүштү Европа Биримдигинин эл аралык стандарттарына жана талаптарына ылайык илгерилетүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле туруктуу өнөр жай экосистемасын калыптандыруу жана стратегиялык мааниге ээ минералдар жаатында кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында "Кыргызалтын" Pangea Global, Mooney Group жана TETHYS Gateway Investment компаниялары менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол койду.

Компаниялар тууралуу маалымат:

  • Pangea Global энергетика тармагын өнүктүрүү, анын ичинде сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу технологиялары менен алектенет.
  • Mooney Group стратегиялык мааниге ээ минералдар жана маанилүү металлдар тармагында инвестициялоо жана консалтинг кызматтарына адистешкен.
  • TETHYS Gateway Investment — Түркия жана Борбор Азиядагы пайдалуу кендер, инфраструктура жана энергетика багытындагы долбоорлорго багытталган инвестициялык платформа.
  • Nasdaq — дүйнөлүк капитал рыноктору үчүн инфраструктураны жана финансылык кызматтарды сунуштаган АКШнын фондулук биржасы жана технологиялык корпорациясы.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"