Бишкекте B5+1 форматындагы Борбор Азия–АКШ бизнес-форуму башталды

Бишкекте B5+1 форматындагы Борбор Азия–АКШ бизнес-форуму башталды

Бүгүн Бишкек шаарында Борбор Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик органдарынын жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн бириктирген B5+1 форматындагы эки күндүк бизнес-форум өз ишин баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Форум Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) тарабынан Министрлер Кабинети менен кызматташтыкта уюштурулду. Иш-чара региондо мамлекеттик жана жеке сектордун ортосунда туруктуу диалогду чыңдоого багытталган маанилүү аянтча катары бааланууда.

Форумга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын өкмөт өкүлдөрү, АКШнын жогорку деңгээлдеги делегациясы, бизнес-ассоциациялардын, эл аралык компаниялардын, каржы институттарынын жетекчилери жана эксперттер катышууда.

Эки күндүк программанын алкагында Борбор Азиядагы ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу маселелери талкууланат. Айыл чарба, туризм, каржы-банк сектору, транспорт жана логистика, электрондук коммерция, маалыматтык технологиялар, ошондой эле стратегиялык мааниге ээ минералдар жаатындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары, тематикалык панелдик талкуулар жана мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда ачык диалог форматындагы сессиялар өткөрүлөт. Форумдун жыйынтыгында регионалдык ишкердик күн тартибин өркүндөтүүгө багытталган практикалык сунуштар сунушталып, тараптар кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү ниеттерин билдириши күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"