Дубайда өткөн саммитте суу коопсуздугуна маани берилди
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Дубай шаарында өткөн Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышты.
Министрлердин тегерек столунда сүйлөгөн сөзүндө Бакыт Төрөбаев дүйнө бүгүн өз-өзүнчө кризистерге эмес, климаттык, суу, азык-түлүк жана социалдык кризистердин системалуу айкалышына туш болуп жатканын белгиледи.
Мындай шартта Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн үзүндү чечимдерден баш тартып, тобокелдиктерди комплекстүү жана узак мөөнөттүү башкарууга өтүү зарыл экенин баса көрсөттү.
Сөзүндө өзгөчө көңүл суу тартыштыгы маселесине бурулуп, климаттын өзгөрүшү шартында бул көйгөй региондук туруктуулуктун, азык-түлүк коопсуздугунун жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн маанилүү факторуна айланып жаткандыгы белгиленди.
Кыргыз Республикасы Борбор Азиядагы дарыялардын башаттарын түзгөн тоолуу өлкө катары, аймактын суу экосистемаларынын туруктуулугу үчүн өзгөчө жоопкерчилик тартып, эл аралык аянтчаларда суу күн тартибин ырааттуу илгерилетип келе жатат.