Эсептөө палатасында аудиторлор 3кө кыскарат

Эсептөө палатасында аудиторлор 3кө кыскарат

Жогорку Кеңешке Эсептөө палатасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча конституциялык мыйзам долбоору келип түштү. Бул документ Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыгып, тышкы аудит органынын көзкарандысыздыгын күчөтүү жана анын ишмердигин INTOSAI эл аралык уюмунун стандарттарына ылайыкташтыруу максатында даярдалган.

Мыйзам долбоору Эсептөө палатанын ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү сунуштайт. Мурда ведомство мамлекеттик мүлк менен мамлекет кепилдик берген каражаттардын эффективдүүлүгүн гана текшерсе, өзгөртүүлөрдөн кийин ал финансылык аудитти, нормаларга шайкештик аудитин жана эффективдүүлүк аудитин жүргүзө алат.

Эң негизги жаңылыктардын бири — аудиторлордун санын тогуздан үчкө кыскартуу.

Сунуш боюнча:

  • бир аудитор президенттин сунушу менен шайланат,
  • калган эки аудитор парламенттин демилгеси менен тандалат.
    Төрага аудиторлордун арасынан шайланат.

Ошондой эле квалификациялык талаптар такталган: кандидат жогорку билимге ээ болушу, экономика, финансы же мамлекеттик аудит тармагында кеминде 9 жылдык тажрыйбасы болушу керек. Эсептөө палатада жарандык кызматка өтүү тартиби мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамга ылайыкташтырылат.

Мыйзам долбоору ошондой эле Эсептөө палатанын Кеңешинин курамын жаңыртууну карайт — ага төрага, аудиторлор жана аппарат кызматкерлери кирет. Иштеп чыгуучулардын маалыматы боюнча, аудиторлордун санын кыскартуу бюджеттик 30 млн сомдук чыгымды үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"