Кыргызстан өзүн өзү 6 продукция менен камсыздай алат
2025-жылга карата Кыргызстан негизги 9 азык-түлүктүн алтоосу боюнча өзүн-өзү толук камсыздоо деңгээлине жеткенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.
Аалар:
- жашылча-жемиштер;
- картошка;
- сүт жана сүт азыктары;
- эт жана эт азыктары;
- кант;
- жумуртка.
Ал эми нан азыктары, өсүмдүк майы жана мөмө-жемиштер боюнча муктаждык азырынча жарым-жартылай импорттун эсебинен жабылууда.
2020-жылдан 2025-жылга чейин мамлекеттик колдоонун жана дыйкандардын мээнетинин натыйжасында өзүбүздү камсыздоо көрсөткүчү төмөнкүдөй жогорулады:
- сүт-112%дан → 127,3%га;
- эт-63,6%дан → 85,7%га;
- кант-15%дан → 82,1%га;
- жумуртка-56,4%дан → 79,8%га;
- өсүмдүк майы-34%дан → 51,7%га;
- мөмө-жемиштер-15%дан → 51,4%га.
"Бул көрсөткүчтөр өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана сырткы факторлордон көз карандысыз болууга багытталган стратегиянын натыйжасы болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.