“B5+1” Борбор Азия – АКШ бизнес-форуму өз ишин жыйынтыктады

“B5+1” Борбор Азия – АКШ бизнес-форуму өз ишин жыйынтыктады

Бишкек шаарында 211 компаниялардын жана уюмдардын 400гө жакын өкүлдөрү катышкан “B5+1” Борбор Азия – АКШ бизнес-форуму өз ишин жыйынтыктады. Алардын арасында жаңы чечимдерди, рынокторду жана кызматташуунун жаңы форматтарын калыптандырган алдыңкы жана ири компаниялар болгон.

Форумдун ишине регион өлкөлөрдөн жана Америка Кошмо Штаттарынын төмөнкүдөй бизнес-делегациялар катышты:

- Кыргызстан – 80 компания жана уюм;

- Казакстан – 35 компания жана уюм;

- Өзбекстан – 27 компания жана уюм;

- Тажикстан – 22 компания жана уюм;

- Түркмөнстан – 13 компания жана уюм;

- Америка Кошмо Штаттары – 34 компания жана уюм.

Форумдун жыйынтыгында экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова сөз сүйлөп, мындай кеңири өкүлчүлүктүн болгону иш жүзүндө кызматташууну кеңейтүүгө кызыгууну тастыктап турарын баса белгиледи.

“Биз америкалык өнөктөштөрүбүз жана CIPE уюму менен биргеликте форумдун ийгиликтүү өтүүсүнө олуттуу даярдыктарды көрдүк. Биздин максат - катышуучулар форумдан таасирленүү менен гана эмес, мындан ары өнүгүүгө багыт берген жаңы байланыштар, идеялар жана макулдашуулар менен кайтышы болчу. Талкуулардын активдүүлүгүнө жана өткөрүлгөн жолугушуулардын санына караганда, койгон максатыбызга жетиштик деп айтууга болот. “B5+1” форумунун иши практикалык кызматташтыктын ишенимдүү өсүшүн көрсөттү”, - деди министрдин орун басары.

Мындан кийинки кадам форумда талкууланган чечимдерди жана демилгелерди конкреттүү аракеттерге жана узак мөөнөттүү кызматташтыкка өткөрүү экендиги белгиленди.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын ноябрындагы C5+1 лидерлеринин саммитинен кийин Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) министрлер кабинети менен биргеликте Бишкекте экинчи "B5+1" бизнес форумун өткөрдү. Биринчи жолу бул форум 2024-жылы Алматы шаарында өткөн.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media