ЕАЭБ ичинде тигүү тармагындагы тоскоолдуктар алынды-Д.Амангелдиев

ЕАЭБ ичинде тигүү тармагындагы тоскоолдуктар алынды-Д.Амангелдиев

Министрлер кабинети тигүү тармагынын маселесин чечип жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Ал белгилегендей, ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлүп, көйгөйлөр талкууланды.

“Биз сертификациялоо маселесин карадык, ошондо төлөөчүлөр менен КНС маселеси чечилди. Бул маселе ЕАЭБ кеңешинин акыркы жыйынында каралып, кеңеш катчылыкка бул маселе боюнча резолюция кабыл алып, иштеп чыгууну тапшырды.
Өткөн аптада катчылык чындыгында олуттуу көйгөй бар деген жыйынтык чыгарды. Казакстан жана Россия менен болгон тоскоолдуктар жана түшүнбөстүктөр чечилди деп айтсак болот. Мындан тышкары, Wildberries КНС төлөөчү катары катталды”, - деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

ЕАЭБде карантиндик фитосанитардык көзөмөл тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

ЕАЭБде карантиндик фитосанитардык көзөмөл тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө Токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Кабыл алынган өзгөртүүлөр рыноктун ак ниет катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле карантиндик фитосанитардык көзөмөл жол-жоболорунун ачыктыгын

Ош облусунда курулуп жаткан социалдык объектилерде кемчиликтер аныкталды

Ош облусунда курулуп жаткан социалдык объектилерде кемчиликтер аныкталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилерине карата рейддик иш-чаралар улантылууда. Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгынын инспекторлору Ош облусунда курулуп жаткан социалдык объектилердин курулуш иштерине көзөмөл жүргүзүштү. Рейддин жүрүшүндө Алай районунун Жаңы-Алай айылында “Азия Курулуш Компани” ЖЧКсы куруп

"Эмаком" курулуш компаниясы банкрот болгон – Нурдан Орунтаев

"Эмаком" курулуш компаниясы банкрот болгон – Нурдан Орунтаев

Депутат Азамат Исираилов 2026-жылдын 5-февралында Жогорку Кеңештин жыйынында Ош шаарындагы "Эмаком" курулуш компаниясына таандык көп кабаттуу үйдө жылуулук жоктугун билдирди. Ал белгилегендей, киргизилген чектөөлөргө байланыштуу адамдар электр шаймандарын колдонууга да мүмкүнчүлүк алышпай жатышат. Депутат тургундарга документтер боюнча жардам көрсөтүүнү сурады. Бул боюнча курулуш министри Нурдан Орунтаев "Эмаком&

Алдамчылар ПРООН жетекчисинин атынан чыга башташты

Алдамчылар ПРООН жетекчисинин атынан чыга башташты

Белгисиз адам WhatsApp мессенджеринде БУУнун Өнүгүү Программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьёва деп өзүн көрсөтүп, анын атын жана сүрөтүн колдонуп билдирүүлөрдү тарата баштаганын ПРООН билдирди. Маалыматта белгиленгендей, уюмдун өкүлү расмий байланыш үчүн WhatsApp мессенджерин колдонбойт, жана анын атына окшош билдирүүлөр ПРООНго тиешеси жок жана чыныгы эмес. Кыргызстандыктарга мындай билдирүүлөргө жооп