ЕАЭБде какао майын импорттоого жеңилдик киргизилди

ЕАЭБде какао майын импорттоого жеңилдик киргизилди

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши какао майын импорттоого тарифтик жеңилдик киргизүү чечимин кабыл алганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Чечимге ылайык, ЕАЭБ ТЭИ ТН (ТН ВЭД) 1804000000 коддору боюнча какао майын импорттоодон бажы төлөмдөрү төлөнбөйт, жылына 300 тоннага чейин колдонулушу мүмкүн.

Тарифтик жеңилдик жыл сайын колдонулат жана анын мөөнөтү 2027-жылдын 30-апрелине чейин узартылат.
Бул чара ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин кондитердик жана азык-түлүк өнөр жайын колдоо, ички өндүрүштү өнүктүрүү жана Союздун аймагында кошумча нарк түзүүнү максат кылат.

Жеңилдикти алуу үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген тастыктоочу документ болушу шарт. Документте импорттоочу уюмдар жана какао-майын жеткирүү көлөмү көрсөтүлүшү керек, аны белгиленген лимиттин алкагында колдонууга уруксат берилет.

Импорттолгон какао-майын болгону тиешелүү мамлекеттин аймагында кайра иштетүү жана даяр продукция чыгаруу үчүн гана колдонулушу керек. Анын башка максаттарда колдонулушуна уруксат берилбейт. Бул талап жергиликтүү өндүрүштү колдоо жана ЕАЭБ ичинде чыгарылган продукциянын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Кабыл алынган чечим азык-түлүк өнөр жайынын ишканаларын туруктуу чийки зат менен камсыздоого, өндүрүш көлөмүн кеңейтүүгө жана ЕАЭБ рыногунда сапаттуу продукцияны көбөйтүүгө жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Б.Төрөбаев Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде суу жана климат маселелерин көтөрдү

Б.Төрөбаев Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде суу жана климат маселелерин көтөрдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Дубай шаарында өткөн Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Саммиттин алкагында өткөн министрлердин тегерек столунда сүйлөгөн сөзүндө Бакыт Төрөбаев дүйнө жүзү климаттык, суу, азык-түлүк жана социалдык кризистердин бири-бири менен байланышкан татаал айкалышына туш болуп жатканын белгиледи.

Бишкекте 7 миң ар кандай мамылар демонтаждалат

Бишкекте 7 миң ар кандай мамылар демонтаждалат

Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти 2026-жылы Бишкек шаарында 7 миңге чейин ар кандай мамыларды  демонтаждоону пландап жатканын 5-февралда Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында департаменттин директору Уланбек Бейшенбаев билдирди. Буга чейин депутат Эмир Марлисбеков 2026-жылга карата бюджет долбоорунда каралган 44 млн 983 миң

Эски Ош базарында 8,5 миң соода оруну бар экени айтылды

Эски Ош базарында 8,5 миң соода оруну бар экени айтылды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Куванычбек Конгантиев жаңы Ош базары боюнча долбоорду ишке ашырууга ким жооптуу экенине кызыкты. "Кечээ жеринде барып көрүү учурунда Иш башкармалыгынын жетекчиси 916 соодагер көчүрүлүп, ар бири өз ордун ала турганын айтты. Бирок бүгүн Ленин районунун акиминин айтымында, учурда Ош базарында 8,5 миң соода орду

"Бурана" музей комплексин көрктөндүрүү долбоору иштелип чыкты

"Бурана" музей комплексин көрктөндүрүү долбоору иштелип чыкты

Курулуш министрлигинин шаар куруу департаментинин алдындагы Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору "Бурана" археологиялык-архитектуралык музей комплексинин аймагын көрктөндүрүүгө багытталган жаңы эскиздик долбоорду даярдашты. Долбоордо комплексине чектеш аймакты жашылдандыруу, чакан архитектуралык формаларды орнотуу, ыңгайлуу унаа токтотуучу жайларды түзүү, ошондой эле зыяратчылар үчүн комфорттуу коомдук мейкиндикти уюштуруу каралган.