Кыргызстан 2030-жылга чейин транспорттук потенциалды жгорулатууну көздөйт
Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында транспорт жана логистика тармагында өлкөнүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган чаралар комплекси каралганын "Кыргыз Экспорт" борборунун директору Урмат Такиров "B5+1" форматындагы V "Транспорт жана логистика боюнча регионалдык ишкердик күн тартиби" тармактык сессиясында билдирди.
Борбордун директору беш негизги артыкчылыктуу багытты белгиледи:
- Темир жол транспортунун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу. Тактап айтканда, жүк жүгүртүүнү жылына 15 млн тоннага чейин көбөйтүү пландалууда.
- Кампа жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү. 2030-жылга чейин Кыргызстанда кеминде 1 млн чарчы метр жаңы кампа аянттарын пайдаланууга берүү каралууда.
- Республикалык маанидеги автомобиль жолдорун куруу жана реконструкциялоо. Урмат Такиров белгилегендей, тоолуу өлкө үчүн аймактардын транспорттук байланыштуулугу экономикалык өсүштүн тең салмактуу жана туруктуу болушун камсыз кылууда чечүүчү мааниге ээ.
- Кошумча наркты жана транспорт тармагынын экономикадагы ролун жогорулатуу. Бул тармактын ИДПга кошкон салымы жылына 1,5 млрд долларга жетет деп күтүлүүдө.
- Авиакаттамдарды өнүктүрүү, анын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу, аймактын туристтик жагымдуулугунун өсүшүн эске алуу менен.
Такиров акыркы 3–4 жыл ичинде логистиканын наркы олуттуу жогорулаганын белгилеп, бул альтернативдүү транзиттик коридорлорду өнүктүрүүнүн маанисин арттырарын айтты. Бирок мындай маршруттардын натыйжалуу иштеши үчүн Борбор Азия жана Закавказье өлкөлөрүн кошо алганда, бардык катышуучу мамлекеттер ортосунда эрежелерди жана жол-жоболорду шайкеш келтирүү, ошондой эле Түркия менен Грузиянын портторуна чыгуу зарыл экенин белгиледи.
Ал ошондой эле "катаал" инфраструктураны өнүктүрүү менен катар "жумшак" компоненттерди — санариптик документтерди, бирдиктүү жол-жоболорду жана чек араларда алардын өз ара таанылышын киргизүү маанилүү роль ойной турганын кошумчалады.