Кыргызстандын минералдык ресурстарынын көлөмү 177 млрд доллар турат – Аскар Сыдыков

Кыргызстандын минералдык ресурстарынын көлөмү 177 млрд доллар турат – Аскар Сыдыков

Кыргызстанда минералдык ресурстардын жалпы көлөмү 177 млрд долларга бааланарын "B5+1" бизнес-форумунун алкагында өткөн "Критикалык минералдар боюнча B5+1 диалогу" аттуу панелдик сессияда Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, республикада 1 миңден ашуун кен жай катталган, бирок алардын жарымынан азы гана иштелип жатат.

"Дүйнөдө критикалык деп таанылган 20 минералдын ичинен биздин өлкөдө болгону жети минерал гана активдүү түрдө өздөштүрүлүп жатат", — деди Аскар Сыдыков.

Ал бул тармакты активдүү өнүктүрүү үчүн заманбап технологиялар, квалификациялуу кадрлар жана капитал талап кылынарын белгиледи. "Геологиялык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнө салынган ар бир доллар 7,3 доллар киреше алып келет", — деп кошумчалады Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси.

Ошондой эле Аскар Сыдыков Кыргызстан азырынча GORC эл аралык стандарттарына жана геологиялык маалыматтарды жүргүзүүнүн башка инновациялык ыкмаларына өтө электигин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кечээ Бишкек шаарындагы “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖЧКсынын заводунда болгонун аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, анда ишкананын иши, ошондой эле өлкө экономикасына инвестицияларды кеңейтүү жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланды. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, ишкана Кыргызстанда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып келет жана бул аралыкта өндүрүштү

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,