Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү 2026-2027-жылдары 25 млрд сомдон ашат

Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү 2026-2027-жылдары 25 млрд сомдон ашат

Орто мөөнөттүү мезгилде — 2026–2027-жылдары Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү жыл сайын 25 млрд сомдон жогору деңгээлде сакталат. Бул 2025–2027-жылдарга карата шаардык бюджеттин параметрлеринен көрүнүп турат.

Пландалган көрсөткүчтөргө ылайык, 2026-жылы борбор калаанын бюджетинин кирешеси 25,32 млрд сомду, ал эми 2027-жылы 27,46 млрд сомду түзөт. Бул бир жыл ичинде дээрлик 2,1 млрд сомго өсүштү билдирет.
2026-жылы салыктык кирешелер 19,37 млрд сом, 2027-жылы 21,51 млрд сом өлчөмүндө пландалган. Алардын жалпы кирешелердин түзүмүндөгү үлүшү 75%дан жогору бойдон калат.

Негизги киреше булагы болуп салык агенттери тарабынан кармалуучу киреше салыгы саналат:

  • 2026-жылы — 16,17 млрд сом
  • 2027-жылы — 18,31 млрд сом

2026–2027-жылдары мүлк салыктарынан түшкөн кирешелер туруктуу деңгээлде пландалган:

  • Кыймылсыз мүлк салыгы — жыл сайын 1,08 млрд сом;
  • Жер салыгы — жылына 322,1 млн сом.

Кыймылдуу мүлккө салынуучу салыктан түшкөн кирешелер 2026 жана 2027-жылдары жыл сайын 452,7 млн сом деңгээлинде болжолдонууда.

Өзгөчө режимдеги соода аймагындагы ишмердүүлүктөн түшкөн кирешелер 2026–2027-жылдары жылына 835,3 млн сом көлөмүндө сакталат. Ошондой эле роялтиден түшкөн кирешелер орточо өсүштү көрсөтүп, 2027-жылга карата 38,5 млн сомго чейин жетери күтүлүүдө.

2025-жылдын такталган бюджети (29,43 млрд сом) менен салыштырганда, 2026-жылы кирешелердин төмөндөшү күтүлүүдө, бирок 2027-жылы алардын калыбына келүүчү өсүшү пландалган.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"